Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:11

“СОҢКӨЛДҮ МАНАС ЖЕРДЕГЕН" ЭЛ АРАЛЫК ФОЛЬКЛОР ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ

Маданият министрлиги менен Нарын облустук администрациясы биргеликте уюштурган “Соңкөлдү Манас жердеген” аттуу эл аралык фольклор фестивалы 28-июлдан 30-июлга чейин Соң-Көлдүн боюнда өтөт. Ага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн чыгармачыл адамдар жана фольклордук топтор келет.

Бул майрамдын өзгөчөлүгү туурасында маданият министри Султан Раев буларды билдирди:

-Биз фольклордук майрам менен туризмди айкалыштырып жатабыз. Биз Соң-Көлдөй кооз жерибиз бар деп эле жата бербей, искусство аркылуу элдерди туризмге тартайлы деп жатабыз. Бул фестивалга чет элден меймандар келет, андыктан аларга мына ушул майрамыбыз аркылуу кооз жерибизди көрсөтүшүбүз керек.

Учурда жергиликтүү эл тарабынан 150 боз үй тигилген, ал эми фестиваль башталганга чейин дагы бир топ үйлөр тигилмекчи. Ал эми алардын арасында өзгөчөлөнгөн, үлгү боло турган он боз үй даярдалган.

Маданият министри Султан Раевдин айтымында Соңкөлгө келүүчү жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ал тургай мобилдик байланыш да түзүлмөкчү. Андыктан фестивалга келген меймандардын чөнтөк телефон аркылуу сүйлөшүүгө да мүмкүнчүлүгү болот. Коноктор демекчи маданият министри Султан Раевдин айтымында чет мамлекеттерден фестивалга катышууну каалаган адамдардан суроо-талаптар көп түшүүдө. Андан сырткары Кыргызстандын баардык дубандардын өкүлдөрү катышат. Жалпылап айтканда болжол менен келчү адамдардын саны он миңге жакын. Ал эми фестивалдын алкагында өткөрүлүүчү маданий окуялар туурасында Султан Раев буларга токтолду:

-Фестивалдын алкагында “Соңкөлдүн чүрөгү” деген сынак, ошондой эле элдик оюндар жана спорттук оюндар болот. Мындайча айтканда биздин фольклордук икусствобуздун салтанаттуу майрамы болот.

Фестивалдын женүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар тапшырылат, ал эми күлүк чабуунун баш байгесине мерседес маркасындагы автоунаа коюлат. Мына ушундай деңгээлде өтө турган фестивалды Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынан тышкары КМШ өлкөлөрүнүн да журналистери да чагылдырышмакчы. Ошондой эле Кореядан келген чыгармачыл топ тарабынан фестиваль тууралуу даректүү тасма тартылып, ал фильм аталган мамлекеттин массалык маалымат каражаттарында көрсөтүлмөкчү. Ал эми фестивальга келген ар бир мейман өз чөнтөгүнөн эки миң сом төлөшү керек.

Айжан Шаботоева, Бишкек
Куржундар
XS
SM
MD
LG