Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

ДЕПУТАТ КАДЫРЖАН БАТЫРОВДУН МЕНЧИГИН ЭЭЛЕП ОТУРГАНДАРДЫ КИМ САБАДЫ?


Жалалабатта депутат Кадыржан Батыровго караштуу “Темирташ” акционердик коомунун имаратын мыйзамсыз ээлеп отургандар депутаттын тарапкерлери аларды сабашты деп айыптап жатышат. Муну алар эки күн мурда болгон түнкү окуя менен байланыштырышып, бул факт боюнча тартип коргоо кызматына кайрылганын кабарлашты. Бирок, депутат мындай билдирүүлөрдү жалган жалаа деп, бийликтин киришпей четте турушу чатакты ырбатып жатат деп эсептеди.

Кадыржан Батыровдун ишмердүүлүгүнө нааразы болгон турмушу начар жарандар депутатка караштуу “Темирташ” акционердик коомунун имаратын өткөн айда басып алган. 23-июль түн жарымда ал ондогон жактоочулары менен мурда “курулуш материалдар комбинаты” (КСД) деп аталчу ошол имаратка барган. Ал жерде 12-июндан бери турган үй-жайсыздардын өкүлү Жээнбек Жолоев Батыровдун жандоочулары төрт адамды токмоктогонун билдирди:

- “Джип” маркасындагы машина менен келди. Аркасынан “Тикосу” келди. Ар бир машиненин ичинде үчтөн-төрттөн балдары бар. Жалаң аскер түстөгү кийимдерди кийген салабаттуу балдар экен. Колдорунда таяктары да бар. Доктурда үчөө жатат. Талант деген баланы токмоктоп коюшуптур. Батыровдун кол астында иштегендер,- дейт Жээнбек Жолоев.

Бейтааныш кишилер имаратка келаткан Токтохан Өлмасова деген аялды жолдон кармашып, ал төрт саат жертөлөдө болгон. Аларды депутаттын тарапкерлери деп эсептеген аял чоочун адамдар өздөрү жазган кагазга кол койдуруп алганын айтты:

-Жыйырмадай адам келди. Сегиз адам автоматтар менен турушту. Колумду кайрышып, оозумду бекитишти. Кыйкырганга үлгүргөн жокмун. Лицейдин жертөлөсүнө камап коюшту. Ал жерде мен саат сегизден он экиге чейин төрт саат болдум,- деди Токтокан Өлмасова.

Менчикти ээлегендердин билдиришинче чатак Батыровду жактагандардын бири аялдарды сөгүп ийгенде башталган. Нуркан Батырованын айтымында ызаланган аялдар сөгүнгөн кишилерге жулунганда депутат Саламат аттуу аялды колунан кармап, түртүп ийген:

-Сен биздин балдарыбыздай болуп туруп, эмне үчүн сөгүшкө акың бар деп ошол балага чуркап кетип бараткан жеринен Кадыржан Батыров Саламат деген келинди колдон тартып, кайрып түртүп жиберди,- деди Нуркан Батырова.

Өздөрүн “жабыр тарттык” деп эсептеген үч аял облустук ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер алардын ден-соолугуна кандай залака келтирилгендигин тактап жаткандыгын маалымдашты. “Чындык” аттуу коомдун төрагасы Манас Бектемиров тартип коргоо уюмдарынан окуяны териштирүүнү өтүнгөн. Ички иштер уюмдары андай арызды ырастаган жок. “Шериктештик” партиясынын Жалалабат шаарындагы төрагасы Абдымалик Бектемировдун ою боюнча маселени сот териштириши керек:

-Укуктуу мамлекет болгондуктан бул жүрүп-жүрүп соттук териштирүү менен чечилет. Эгерде Кадыржан Батыров мамлекеттен арзан баада сатып албастан, башка бир коммерциялык жактан сатып алган болсо, анда бул элдин кылып жаткан аракети туура эмес болуп калышы мүмкүн,- деген оюн билдирди Абдымалик Бектемиров.

Депутат Кадыржан Батыров имараттын күзөтчүсүн бейтааныш адамдар ал жерден айдап ийгенден кийин барган. Ал элге менчикти басып алуу мыйзамсыз жана имаратта жашоо мүмкүн эместигин түшүндүргөн. Депутат аялдарга кол көтөргөндүгү жөнүндөгү маалыматты четке кагып, бийликтин аракет көрбөй жаткандыгын белгиледи:

- Бул өзүнүн жолун айтты. Бийлик эч бир чечкиндүү чечимге келген жок. Аларга эч кандай чара көрөйүн деген ой-пикирин айткан жок. Бул өндүрүштүк жер. Өндүрүштүк жерге эч качан турак жай курууга болойт. Жада калса санитардык нормага да дал келбейт,- дейт Кадыржан Батыров.

Бир жарым айдан бери 200 киши жашап жаткан имаратта электр жарыгы жок. Шаар башчы Дүйшөн Мамасалиевдин жообу боюнча менчик бир жактуу чечилмейин жашоого ылайыктуу шарт түзүү мүмкүн эмес.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG