1981-жылы 20-июлда биринчи жолу Талас радиосу жаңырган. Талас жергесинде алгачкы болуп телеберүү көрсөтүүсү башталганын таластын тургуну Шаршенбай Конгантиев мырза төмөнкүчө эстеди:
-Биздин убакта чындап 1958-59-жылдары телеберүүлөр жаңы чыгып жаткан убак болчу. Менин эсимде атамдын бир тууганынын үйүндө телевизор көрчүбүз. Ал убакта бүгүнкүдөй техника өсүп өнгөн эмес. Чыбырчыктатып эптеп көрчүбүз. Бүт айыл кечинде ал үйгө чогулуп калышчу. Ал убакта жакшыраак теле көрсөтүүлөр жок. Ага карабай кошомат кылып, жумуштарын жасап, анан кийин телевизор көрчү элек,- дейт Шаршенбай Конгантиев.
Талас телерадиокомпаниясында бүгүнкү учурда 28 адам эмгектенип келет. "Талас облустук телерадио кызматкерлери айлык-акыбызды ала албай олтурабыз. Облус силер республикага карайсыңар десе, ал эми республика облуска караштуусуңар" деген оюн “Талас” радиосунун кызматкери Гүлзат Асанбаева билдирди:
- Бүгүнкү учурда биз техникалык жактан кыйналып турабыз. Себеби радио ачылган убактан бери алынып келинген эски аппараттар менен иштеп келебиз. Ошентсе да башка облустарга салыштырмалуу биздин радионун маалымат -аналитикалык жагынан болобу, адабий-музыкалуу жанры болобу деңгээли жогору деп айта алам. Биз ушул КТРге карап калгандан бери кыйналып жатабыз каржылоо жагынан. Анткени алар биздин өзүбүздүн жергиликтүү бюджеттен аласынар дейт , ал эми жергиликтүү бюджет болсо, силер КТРге карап калдыңар дегенсип, бизге далысын салып коюп жатышат. Мына азыр май айынын маянасын алдык. Бирок июнь, июль айларынын маяналарын ала элекпиз,- дейт Гүлзат Асанбаева.
Жогоруда айтылган проблеманы билүү максатында облустук телерадиокомпаниянын жаңы жетекчиси “Азаттык” үналгысынын мурдагы кабарчысы Машакбай Рахманкуловго кайрылганбызда ал Талас дотациялык аймак болгондуктан каражат кечирээк келип жатат дейт:
-Телерадиокомпанияларды президенттин буйругу менен республикалык телерадиокомпанияга каратылгандыгына карабастан каржылоо азырынча облустук бюджеттин ушул жылдын аягына чейин калтырылган. Айлык акылар мурдакыдай эле өз учурунда берилип жатат. Бирок азыркы учурда Талас облусу дотациялык аймак болгонуна байланыштуу каражат республикалык бюджеттен кечирээк келип жатат,- деди Машакбай Рахманкулов.
“Талас” телерадио берүүсүнүн кызматкерлери жогоруда айтылган кыйынчылыктарга карабай көптөгөн чыгармачыл жана техникалык жаңылыктарды киргизүүдө. Мисалы, учурунда телематериалдар пленкага жазылып анан автоунаа менен борборго алынып барылып көрсөтүлсө, азыркы мезгилде радиорелейлик магистраль аркылуу аба менен берилип, маалыматтын тез арада чыгышына шарт түзүлгөн.
Талас облус боюнча массалык-маалымат каражаттарынын телерадио жагынан жогоруда аталган компания жалгыз болуп саналат. Беш жыл мурун Талас шаарында америка тарабынан каржыланып, “НазарТВ” компаниясы жаштар тарабынан ачылган. Бирок техникаларды туура эмес пайдалангандыктан ал мекеме көпкө узабай жабылып калды.
Уланбек Эсенгелди