Демилгелүү топтун курамына “Асаба” кайра жаралуу партиясы, "Ашар" үй куруучулардын уюму,”Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси, ж.б. бир катар коомдук уюмдар, журналисттер, бардык жети дубан өкүлдөрү жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жигиттери, врачтар, баш-аягы 120 киши кирет. Аянтта кыска митинг болуп, жөнөп бараткандарга кайрылып Кыргызстандын вице-премьеринин милдетин аткаруучу Тынычбек Табалдиев сөз сүйлөдү. Бийлик өкүлдөрүнөн мындан бөлөк ырасмий бир да адам катышкан жок. Сөөк коюуга жөнөп бараткандар бүгүн Боом капчыгайындагы жана Балыкчы шаарынын кире биришинде курулуп жаткан эстеликтерге куран окуп, Барскоон айлынын башына келип өргүшөт. Бул жерден аларга Нарындан жана Ысыккөлдөн чыккан топтор кошулат. Бул иш-чара бир жумага созулат.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ