Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

ТАЖИК, ИРАН, ООГАН ПРЕЗИДЕНТТЕРИНИН ШЕРИНЕСИ ДҮЙШӨНБҮДӨ ӨТТҮ


Тили, дили, маданияты тектеш Иран, Ооганстан, Тажикстандын бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрү да бири- бирине жакын келет. Ушул күндөрү үч өлкөнүн президенттери Тажикстанда көзмө-көз кездешип, коопсуздук, баңги заттардын аткезчилиги, байланыш, соода тармактарындагы кызматташттыкты талкуулашты. Аймактык маселелер менен катар Жакынкы Чыгыштагы кырдаал да сөзгө алынды.

Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад, ооган президенти Хамид Карзай жана экөөнүн тажик кесиптеши Эмомали Рахмоновдун ортосундагы талкууда көп маселелер козголду. Бирок Ливандагы Хизбулла менен Израилдин согушу тууралуу сөз кылбай кою мүмкүн болгон жок. Соңку күндөрү Иран Ливандагы Хизбулла кыймылынын сүрөөнчүсү деген кине көп айтылууда. Иран президенти Ахмединежад бул маселеге кечээки пресс-конференцияда да кайрылды. Дүйшөмбү калаасында журналисттер менен жолугушууда Ахмединежад "Азаттыктын" кабарчысына жооп берип жатып, Хизбулланы Иран кандайча колдой тургандыгын мындайча түшүндүрдү:

- Хезбулла Ливандын бир бөлүгү, биз Ливандын аймактык биримдигин колдойбуз. Биз баскынчылыкка каршыбыз.Ошондуктан Кошмо Штаттарынан "өзүңөр жараткан кырдаалды кантесиңер, көздөгөн максатыңар эмне?" деп сурагыбыз келет.

Ахмединежад ошол эле убакта Иран Хезбулланы түздөн-түз колдобой тургандыгын мындайча ырастады:

- Кошмо Штаттары Иранды күнөөлөө менен, өзүнүн жеңилгенин актаганга аракет кылып жатат. Америкалыктар Ливанда эл сүймөнчүгү болгон кыймылдан жүрөк заада. Ошондуктан, Хизбулланы Ливанда колдоого ээ болбогон топ катары сүрөттөп жатат.

Чогуу жарыялаган билдирүүдө үч президент Ливандагы согуштук операцияны шарт коюсуз дароо токтотууну талап кылышты. Ахмединежад, Рахмонов жана Карзай ошондой эле коопсуздук жана үч өлкөнүн ортосундагы байланыштын начардыгы сыяктуу маселелерди сөз кылышты. Алар Тажисктан менен Ооганстандын ортосундагы Пяндж дайрасында дүйнөдөгү эң чоң гидроэлектр бекетин курууга да макулдашышты. Андан тышкары, мыйзамсыз нарко-трафикке каршы күрөштө күчтөрүн бириктирүүгө келишишти. Ахмединежаддын "Биз үч өлкө экономикалык, саясий жана маданий жаатта бир болушубуз керек" деп айткандыгы кабарланууда. Рахмонов, Карзай жана Ахмединежад үч тараптуу алакаларды теске сала турган кеңеш түзүүнү туура табышты. Кеңештин штаб-квартирасы Кабулда жайгаша турган болууда. Алар мындан тышкары келерки жылы кайра жолугуп, макулдашуулардын кандай аткарылып жаткандыгын талкуулоого келишишти.

Жаңыл Жусупжан, Прага

XS
SM
MD
LG