Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

КОНСТИТУЦИЯНЫН ДОЛБООРУН ЖАЗУУ АЯГЫНА ЧЫКТЫ


Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров башында турган жумушчу топ Конституциянын жаңы долбоорун жазып бүттү. Долбоор боюнча Конституциялык сот Жогорку соттун курамына киргизилди, орус тили расмий макамынан ажыратылды жана өлүм жазасы четтетилди.

Жумушчу топтун жетекчиси Азимбек Бекназаровдун айтуусунда, президенттин сунушу менен үч түрдүү башкаруу формасына ылайыкташтырылган Конституциянын долбоорлору жазылды:

-Президенттик жана аралаш башкаруу системасында премьер-министрдин кызматы жоюлду. Президент бир эле убакта мамлекет башчысы жана аткаруу бийлигинин башчысы болуп эсептелет. Ал эми парламенттик башкаруу формасында президент мамлекет башчысы, премьер-министр өкмөттүн жетекчиси болуп кала берет.

Конституциянын жаңы долбооруна президент Бакиев да тогуз сунуш киргизген эле. Алардын ичинен Конституциялык сотту жана орус тилинин расмий макамын калтыруу тууралуу сунуштары өтпөй калды.
Жумушчу топтун мүчөсү, адилет министри Марат Кайыповдун сөзү боюнча, Конституциялык сот Жогорку соттун курамына киргизилди:

-Конституциялык палата Жогорку соттун курамына кирет. Ал Жогорку соттун үчтөн эки бөлүгү болот. Бирок азыркы Конституциялык соттун карай турган иштеринин дээрлик бардыгы ошолорго өттү. Конституциялык сот жоюлган жок. Себеби Конституциялык соттун функциясы, алардын милдеттери жана укуктары Жогорку сотко өтүп жатат.

Марат Кайыпов Башмыйзамдын долбоорунда сот бийлигинин көз карандысыздыгын сактоого да аракеттер жасалгандыгын кошумчалады.

Ошондой эле жаңы долбоор боюнча орус тили расмий тил деген жарлыктан ажыратылды. Мындан ары орус тили—улуттар аралык катнаш тили деген макамга ээ болуп калды. Жумушчу топтун мүчөсү Марат Кайыпов муну бир өлкөдө эки мамлекеттик тилдин зарылчылыгы жок деген пикири менен бекемдеди. Жумушчу топтун дагы бир мүчөсү Топчубек Тургуналиев бул мыйзам менен орус тили басмырланып жатат деген түшүнүүүгө болбойт дейт:

-Орус тили БУУ тарабынан таанылган дүйнөдөгү алты эл аралык тилдин бири. Ошондуктан, орус тилине кысым көрсөтүлүп жатат деп айтуу туура эмес. Биз Башмыйзамга мамлекет өзү мамлекеттик тил менен кошо жок дегенде эки эл аралык тилди бала бакчалардан тартып, мектептерде да үйрөтүүгө кам көрүүсү тийиш деген мыйзамды да киргиздик.

Башмыйзамдын жаңы долбоорунда орун алган дагы бир берене кыргыз улутунун кызыкчылыгына багытталган. Ага ылайык, кыргыздар дүйнөнүн кайсы жеринде жүрбөсүн жана кайсы өлкөнүн жараны болуп саналбасын, Кыргызстандын жараны болуп кала бермекчи. Адилет министри Марат Кайыповдун айтуусунда бул кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калуу жана этникалык кыргыздарга кам көрүү зарылчылыгынан улам келип чыкты:

-Биз мамлекет катары кайра жаралдык. Демек, биз бир убактарда мамлекетибизден сыртта калып калган кыргыздардын жана азыр кетип жаткан кыргыздардын дүйнө жүзүндө башка мекени жок болгондуктан, алар үчүн биз кам көрбөсөк, биздин мамлекеттен башка бир да өлкө кам көрбөйт. Себеби кыргыздардын дүйнө жүзүндө Кыргызстан деген бир гана мамлекети бар. Биз унитардык мамлекет болгон соң, кыргыздар үчүн өзүбүздүн Башмыйзамыбызга өзгөчө бир жобо жазбасак, анда биздин мамлекеттүүлүгүбүз бир тыйын.

Башмыйзамдын жаңы долбооруна ылайык, Кыргызстан өлүм жазасынан баш тарткан өлкөлөрдүн катарына кирип калды. Жумушчу топтун мүчөсү Азимбек Бекназаров өлүм жазасын алып салууга Кыргызстан али даяр эмес деген пикирде болгону менен көпчүлүк добуштун аркасында бул долбоор кабыл алынганы билдирди.

Конституциянын долбоору август айынын аягында Конституциялык кеңешмеге, президентке жана Жогорку Кеңешке сунушталып, алардын талкуусуна коюлат. Андан кийин гана жалпы элдик добушка коюлмакчы.

Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG