Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

“ОШ ЖАҢЫРЫГЫ” ГЕЗИТИНИН ЖАМААТЫ ИШ ТАШТООДО


Бүгүн “Ош жаңырыгы” гезитинин иш жамааты мөөнөтсүз иш ташташты. Кечээ Ош облус губернатору Жантөрө Сатыбалдиев гезиттин баш редактору Абдувахаб Мониевди кызматтан кетирип, анын ордуна жана анын облустук администрациянын маалымат катчысы Алишер Токсонбаевди убактылуу дайындаган болчу. Муну жамаат саясий кызыкчылык менен байланыштырып, мындай аракет токтотулбаса ачкачылык жарыяларын айтышууда. Облустук бийлик болсо баш редактордун кызматтан алынышын эмгек тартибин бузду деп негиздеп жатат.

Эмгек жамаатынын көпчүлүк мүчөлөрү баш редактор Мониевдин кызматтан алынышын жогортон болгон саясий буйрутма катары баалай тургандыктарын билдиришти:

- Биз жеке Мониевдин кызыкчылыгын же өзүбүздүн керт башыбыздын кызыкчылыгын көздөп жаткан жокпуз. Биз бул жерде жалпы иш таштап жатканыбыздын себеби сөз эркиндигин жалпы элдик гезитке айланган “Ош жаңырыгы” гезитин сактап калалы деген ниетте ушул кадамга барып жатабыз. Буга чейин “Ош жаңырыгы” гезитинде бийлик тарабынан ар кандай бут тосуулар болду. Провокациялар болду. Акыр аягы келип минтип бүгүн редакторубуз Мониевди кызматтан алып түштү,-
дейт “Ош жаңырыгы” гезитинин жооптуу катчысы Айбек Абдылдаев.

Мындан сырткары иш таштоочулар Мониевди иштен алышын мыйзамсыз деп эсептешип, гезитти акционерлештирүүнүн алдында бийликте олтурган бир катар саясий күчтөр ага учкай ээлик кылуу жана толук көзөмөл жүргүзүү үчүн ушундай кадамдарга барып жатышкандыгын белгилешти.

Гезиттин баш редакторунун орун басары Манас Орозбай уулу калыс позицияны ээлеп, эл арасында окумдуу боло баштаган гезитке көзү кызаргандар көбөйгөндөн улам гезит жамааты куугунтукка алынып жатат деп эсептейт:

- Жалпы жамаатка гана акция бөлүнөт деген жери бар. Анан сырттан дагы деген жагы бар. Абдувахад Мониевдин башынан позициясы менчиктештирүү боюнча жамааттын гана ичинде калат. Кайсы бир күчтөргө ал жамааттын ичинде калышы жакпайт. Андыктан алар сырттан алып келүү үчүн ушундай жолго барып жатышат,- деди баш редактордун орун басары Манас Орозбай уулу.

Анткен менен Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушпак Тезекбаев Абдувахаб Мониев мамлекеттик кызмат этикасын жана эмгек тартибин бузгандыгы үчүн кызматтан четтетилгендигин айтуу менен бул жерде эч кандай саясий себептер жок деген оюн ортого салды.

-Коомдук жайда мас болуп, тополоң кылып милицияга колго түшүп калган. Наркологиялык борборго алып барып, мас экендигин далилденген соң сотко алып барган. Эртеси сот чечим чыгарып, айып төлөтүп, бизге билдирүү берди. Мамлекеттик кызматчы, жооптуу редактор коомдук жайда мас болуп, ушундай ахывалда жүрөт. Буга чара колдонуп, жообун бергиле деди. Кодекстин негизинде эки статья менен Мониев иштен четтетилди,- дейт Кушпак Тезекбаев.

Учурда “Ош жаңырыгы” гезитинин кызматтык бөлмөлөрү жабылып, облустук акимчиликтин чечимине каршы мөөнөтсүз иш таштоо акциясы улантылууда. Иш таштаган гезитчилер эгерде алардын талабын бийлик укпай турган болсо, ачкачылык жарыялашып, мындан да курч чараларга бара тургандыктарын эскертишти.

Кубанычбек Жолдошев, Ош

XS
SM
MD
LG