Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

МИНСКИДЕГИ ОЛИМПИАДА КОМИТЕТТЕРИНИН ЖЫЙЫНЫ: ПЕКИН-2008 ДАЯРДЫКТАР БАШТАЛДЫ


Минск шаарында өткөн Шериктеш өлкөлөрдүн жана Балтика мамлекеттеринин олимпиада комитеттеринин жыйынына Кыргызстандын олимпиада кыймылынын жетекчилери катышып келишти. Анда 2008- жылы Пекинде өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга даярдык көрүү жана допинг – кызытма маселеси дагы талкууга алынган.

Минскиде өткөн Шериктеш өлкөлөрдүн Улуттук олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын жыйынына өлкөнүн олимпиада кыймылынын жетекчиси Мурат Саралинов баштаган чакан делегация катышты. Жыйында 2008- жылы Пекин шаарында, 2010- жылы Ванкувер шаарында өтө турган жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндарга даярдыктардын жүрүшү менен кабардар болушту. Ошондой эле шериктеш өлкөлөрү Пекин олимпиадасына биргелешип даярдык көрүүнүн чаралары талкууга алынды. Себеби Пекиндин географиялык шарты Казакстан менен Кыргызстанга жакын болгондуктан машыгууларды биргелешип өткөрүү демилгеси көтөрүлдү.


Шериктеш өлкөлөрдүн Улуттук олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын президенти, Орусиянын олимпиадалык кыймылынын жетекчиси Леонид Тягачев мурдакы союздун курамына кирген мамлекеттердин кайрадан кызматташуусунун зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле Шериктеш өлкөлөрдүн улуттук олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын жетекчиси Кыргызстандын олимпиадалык кыймылын колдоого алаарын, жакындан жардам беришээрин билдирди. Мындан сырткары Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин жаңы жетекчилиги
кызматташуунун жаңы багыттарын, өңүттөрүн айтып беришти.

Шериктеш өлкөлөрдүн улуттук олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын Минскидеги жыйынына катышып келген өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов допинг- кызытма текшерүүлөрдү Орусия жүргүзүүгө жардам берүүгө убада кылганын кошумчалады.

-Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы жетекчилери өз ишмердүүлүгүн жашырып келишкен.Ошонун айынан спортчулар жабыр тартып, көп программалар аткарылбай, жардамдар жең ичинен жоголгон. Эми айрым программалар боюнча жардам, семинар- кеңешме өткөрүүгө каражат жагынан ЭОК жана Шериктеш өлкөлөрдүн улуттук олимпиада комитеттеринин ассоциациясы көмөк көрсөтмөкчү,- дейт Канат Аманкулов.

Дүйнөлүк спорттун өнүгүш ыргагынан Кыргызстан ат чабым алыста калып баратканын, ошондуктан Шериктеш өлкөлөрдүн Улуттук олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын өз ара кызматташуусун калыбына келтирүүнүн зарылдыгын Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Алмаз Касенов айтты:

- Жакынкы жылдары олимпиадалык оюндарды жеңген спортчулар чыгышы кыйын. Ал үчүн убакыт жана спортчуларга камкордук керек. Ошондуктан Шериктеш өлкөлөрдүн улуттук олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын иш- аракеттерин активдештирүү зарыл. Мурдагы союздук байланыштарды кайрадан калыбына келтирип, биргелешип машыгуулар гана ийгиликтерге жеткирет.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин мурдакы жетекчилиги Эл аралык олимпиада комитети, Азиялык олимпиадалык кенеши жана Шериктеш өлкөлөрдүн Улуттук олимпиада комитеттеринин ассоциациясы менен тыкыс иштебегендиктен бир катар программа боюнча жардам, семинар- кеңешмелер жана башка иш- чаралар аткарылбай келгени сынга алынып, жаңы жетекчиликке олимпиадалык кыймылды өнүктүрүү багыттары айтылды. Ушул иш чаранын алкагында май айында Кыргызстанга Европа олимпиадалык кеңешинин мүчөсү Мартин Бенко келип, өлкөнүн олимпиадалык кыймылын өнүктүрүүнүн программасын түзүүгө кеңеш берип кеткен.

Ошондой эле май айында Ташкентте өткөн Азия олимпиадалык кеңешинин жыйынында Кыргызстанга техникалык жардам берүү маселеси дагы каралган.
Өзүнүн имараты, спорттук базасы жок Улуттук олимпиада комитети 2006-жылдын апрель айынан бери Кыргыз кесипчилик кошунунун имаратынан 2 бөлмөнү арендага алып, иш-аракеттерин үзгүлтүккө учуратпай турган учуру. Мурунку жетекчилик бардык эмерек, техникалык жабдууларды өздөрү менен кошо ала кетишкен.

Учурда декабрда Катардын Доха шаарында өтө турган 15- Азия оюндарына даярдык көрүү улантылууда.


Кабыл Макеш, Бишкек
XS
SM
MD
LG