Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

«АККЕМЕ»: ОН ЖЫЛ ТАЛАШ, ЖЫЙЫНТЫГЫ АК ҮЙ МЕНЕН МУНАСА КЕЛИШИМ


Түркиялык кредиттин эсебинен курулган Бишкектеги «Аккеме» мейманканасынын айланасындагы талаш он жылга созулуп, 500гө жакын соттук териштирүүлөр өттү. Бишкек шаардык соту ишти «Аккеме» коомунун пайдасынан чечкенден кийин өкмөт мунасага келүү тууралуу келишимге кол койду.

Түркиялык 75 миллион доллар кредиттин арасынан талаштан башы чыкпаса да иштеп аткан жалгыз ишкана - ушул «Аккеме» мейманканасы. Ивановкадагы булгаары, Бишкектеги эмерек, Токмоктогу соода машинелери заводдору эмнеликтен аягына чыкпай, миллиондогон акчалар кумга сиңген суудай жок болгонун ушу тапта эстеген киши аз.

Ал эми «Аккеме» мейманканасына 6 жыл ээлик кылып келген «Систем Мюхендислик» компаниясынын жетекчиси Фехим Ениже мырзанын артында кандай чатак чубалып калганын мейманкананын азыркы жетекчиси Руслан Сарымсаков мындайча маалымдады:

- Аны аудит текшерди. Ага жалпысынан 300 миллион сом жок кылганы аныкталды. Жалпысынан 12 –13 миллион доллар кымтып алганы ачыкка чыгууда. Ага ушундай айып коюлууда.

Талаштуу мейманкананын тагдыры сотто аныкталганча кредит акчаны кайтарууну артка жылдырууга макул болбой келген Түркия өкмөтү Париж клубуна кирген-кирбеген өлкөлөрдүн эң артында меморандумга кол койду. Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Кыргызстан эми «ХИПК» программасына кирүү-кирбөө маселесин талкуулаганга мүмкүнчүлүк алды дейт:

- Түркия менен карызды төлөөнү кийинкиге жылдыруу тууралуу меморандумга кол койгондон кийин бизде чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү.

«Аккеме» мейманканасынын айланасындагы талаш 1996-жылдан башталган. Иштеп аткан мейманкананы банкрот деп жарыялаганга макул болбой койгон Руслан Сарымсаковго каршы кылмыш иши козголуп, 1999-жылы ал 7 ай камакта жаткан. Азыр ал бул ишке кимдин түздөн-түз, кимдин кыйыр тиешеси бардыгын айтып, мурдагы вице-премьер Борис Силаев, мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевдин колу коюлган расмий кагаздарды көтөрүп жүрөт.

Сот чечими менен кыргыз-малайзиялык «Аккеме» жоопкерчилиги чектелген коому мейманканага ээ экендиги ырасталган соң өкмөт Р.Сарымсаков менен мунаса келишимге кол койду.

- Мына, биз үчөөбүз документке кол койдук. Министр А.Жапаров, Турдалиев жана Сарымсаков. Кол коюу ушул жылдын 12-июлунда болду. Мурдагы күнү мен шаардык соттун аныктамасын алдым. Мунаса келишим Бишкек шаардык соту тарабынан бекитилгенден кийин гана күчүнө кирет,- дейт Руслан Сарымсаков.

Келишимге ылайык түркиялык 10 миллион ашуун доллар кредит акчаны «Аккеме» жоопкерчилиги чектелген коому төлөп берет. Бул иш 2007-жылдын май айынан башталып, 2016-жылга чейин созулат. Мейманкана ээси жыл сайын 1 миллион 300 минге жакын доллар акча төлөшкө милдеткер.

Айтса, 2005-жылга чейин менчик ээлигин аныктоого арналган 500гө жакын соттук териштирүүлөрдүн экөөндө гана «Аккеме» коому жеңишке жетишкен.

- Сот М.Токтомушев «Аккеме» мейманканасын банкрот деп жарыялоодон баш тарткан. Андан кийин Жогорку Арбитраж соту ал чечимди бузуп «Аккеме» жабык акционердик коому банкрот деп табылган. Андан кийин биз Конституциялык сотко кайрылганбыз. Конституциялык сот Арбитраждык соттун чечимин Башмыйзамга кайчы келет деп чечим чыгарган. Биз ушу эки сотто гана жеңишке жетиштик,- дейт адвокат Лейла Байдаева.

2 миллиард доллар ашуун карыз акчанын төөбастысында калган Кыргызстанда кредит эсебинен курулган ишканаларды кол менен санап берсе болот. Айрымдарынын артындагы талаштарды антип чыгуу кыйла убакты-саатты алар эле.

Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG