Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

ЖАЛАЛАБАТТА КҮЧ УЮМДАРЫНАН МААЛЫМАТ АЛУУ КЫЙЫН


Жергиликтүү журналисттер коомдук-саясий турмуштун өтө маанилүү окуяларына байланышкан маалыматтарды расмий тараптан ала албай жатышат. Мындай дооматтар Жалалабадда жакында өткөн коомдук угууда айтылды. Маалымат каражаттарынын эркиндигин, облустук бийлик менен кызматташуусун талкуулаган бул коомдук угууну «Журналисттер» коомдук бирикмеси менен областтык бийлик биргелешип уюштурду.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси ишке ашырган “Борбор Азиядагы демократиялык басма сөз эркиндигинин баалуулуктарынын сакталышы” аттуу долбоор маалымат каражаттарына тиешелүү мыйзам бузууларды каттаган. Жыл башында жергиликтүү сыналгынын тасмасын облбийликтин өкүлү тартып алган. Маанилүү маалыматтарды алуу кыйындап, окуяларды чагылдырууда бийликтин көрсөтмөсү болгон деп айтты, долбоордун юристи Ибраимкул Кангелдиев.

-Журналисттерге кол салган фактылар бар. Коркутушкандар бар. Бул макаланы чыгарасың муну чыгарбайсың деген сыяктуу. Анча-мынча чиновниктер тарабынан басым болгон учурлар бар. Жада калса биз менен макулдашып жүргүлө деген да фактылар болгон,- дейт Ибраимкул Кангелдиев.

Губернатордун маалымат катчысы Гүлжан Асанова анын пикирине кошулган жок. Маалыматты жашырганы же сындалганы үчүн калемгерлерге кысым көрсөткөн жетекчи талкууга алынат. Бирок, укугу бузулган журналисттерден арыз-даттануу түшкөн жок. Тескерисинче, калемгерлер адистик чеберчиликтен аксоодо.

-Журналисттин да чыгармачылык аракети жок болуп жатат. Аналитикалык материалдар аз болуп жатат. Бул журналисттин калемине да таандык. Өз укугунун бузууларына ал журналисттердин өз деңгээлине жараша болуп калып жатат,- дейт Гүлжан Асанова

Ноокен райондук гезити 9 жылдан бери казынадан каржыланбай келатат. Редактор Бурайма Раимбекованын билдиришинче басылманын үч кызматкерине айлык төлөнбөй, техникалык жабдуу деген түшкө кирчү болду. Гезит материалдары 40 жыл иштеген машинкада даярдалат.

- Техникалык жактан аябай начарбыз. 1965-жылы кол машина менен иштеп келе жатабыз. Бюджетте болсо эч нерсе жок. Айлык дагы жакшы эмес. Үч эле адам иштейт. Айлык маселесин бюджетке киргизип берсе жакшы болот эле, - дейт Бурайма Раимбекова.


Долбоордун облустагы байкоочусу Жалил Сапаровдун маалыматында “Кыргызпочта” ишканасынын бөлүмү мурда сатылган гезиттердин акчасын толук бербегендиктен басылмалар каржылык басымга туш болду.

-Мисалы, 190 миң карыз бул 5-6 жыл мурдагы карыздар. А эмне үчүн ушул маалга чейин берилбейт. Бербеген нерсенин кандайдыр бир инфляциясын коюш керек да. Ал жөнүндө таптакыр сөз жок. Бул биздин эркин сөзгө жана массалык маалымат каражаттарына экономикалык басым болот,- дейт Жалил Сапаров.

Почта кызматы мүмкүнчүлүгүнө жараша гезиттердин карызынан кутулуунун үстүндө.”Өткөн жылдагы 900 миң сомдук карыздын жарымы төлөнүп бүттү”
деди Облпочтанын кызматкери Бурайма Жусупова.

- Карыздарды 500 миңге чейин жаап койдук. Бирок бүгүнкү күнгө “Акыйкат” гезитинен 162 миң 835 сом карыз болуп турабыз. Мунун ичинен 30 миңи жаңы карыздар калганы эски карыздар. Бүгүнкү күнгө 79 миң 101 сом карызыбыз бар. Кечээ болсо 5 миң котордук,- деди Бурайма Жусупова.


Маалымат каражаттары менен соттук прокуратура, улуттук коопсуздук кызматтарынын байланышы солгун. Ички иштер башкармасы ай башында милицияга кол салган белгисиз адамдар жана аларды кармоо аракеттери жөнүндө маалымат бербей койгон. 14-июлда “ИДУнун” мүчөлөрү деп шектелген 5 адам өлтүрүлгөн кабар жергиликтүү журналисттерге берилген эмес. Алардын тирүү калган шериктерин издөө операциялары жөнүндөгү маалыматтар эмдигиче жашыруун калууда.Бирок, башкарманын маалымат катчысы Сагын Маматова калемгерлер менен тыгыз иштөөго убада берди:

-Журналисттер менен тыгыз иштешкенге аракет кылабыз. Кабарчылар дагы өзүлөрүнүн жазган макалаларын далил менен жазганга аракет кылышсын. ,- дейт Сагын Маматова.

Коомдук угуу почта тармагын реформалоо жөнүндө өкмөткө кайрылуу чечимин кабыл алды.

XS
SM
MD
LG