БИШКЕК. 1-3-августа Россиянын Омск шаарында кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болот. Ага комиссиянын кыргыз тарабынын башчысы премьер-министр Феликс Кулов катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жыйында Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташуу маселелери каралат.