Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

«Оймо-2006» эл аралык фестивалы аягына чыкты


БИШКЕК. Ысыккөлдүн жээгиндеги Тамчы айылында ушул бейшембиде башталган кол өнөрчүлөрдүн эл аралык фестивалы бүгүн жыйынтыкталды. Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн кол өнөрчүлөрү катышкан бул фестивалдын алкагында көргөзмөлөр уюштурулуп, пикир алышуулар, түрдүү маданий иш чаралар өткөрүлдү. Борбор Азия элдеринин ортосундагы маданий карым-катышты чыңдоо жана өнүктүрүү максатын көздөгөн бул фестивалды Кыргызстандын маданият министрлиги «Рухтун 100 долбоору» программасынын алкагында уюштурду.

Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG