Голландиянын борбору - Амстердам шаарынан башталган авто ралли Европа жана Азия континентиндеге 14 өлкөнүн аймагын тепчип, аралап өтүп, Kытайдын баш калаасы Пекинде жыйынтыкталат. Бул авто жарышка өткөн кылымдын 30-40-жылдары чыккан эски үлгүдөгү 100 автоунаа катышып, жолдогу кырсыктардан 4-5 унаа катардан чыккан.
Аларды айдаган айдоочуларды жана автокербенди тейлөөчүлөрдү, коштоочуларды кошкондо 300гө жакын мейманды Бишкек шаары 29-июлда кабыл алмак. Бирок Түрмкөнстанда 16 саат кармалып калышкандыктан, авторалли Кыргызстанга бир күн кечигип келди. Автожарыштын катышуучулары Бишкектеги "Хаят" мейманканасында бир нече саат гана өргүү кылып, тамактанып алган соң биринин артынан бири удаа Алматынын көздөй багыт алышты.
Ушул автораллиге үч жылдай даярдык көрүп, баарын ийне- жибине чейин иликтеп чыккан жарыштын демилгечиси Жан Вермер бул автожарышка катышууну каалагандар өтө арбын болгонун, ар бири 40 миң доллар мүчөлүк акы төлөгөнүн, алардын арасында 22 аял айдоочулар бар экендигин айтты. Кыргызстандык чек арачылар текшерүүлөрдү тез, ыкчам бүткөргөнүнө ыраазычылыгын билдирди:
- Бишкекте эл аралык Амстердам- Пекин автожарышынын Кыргызстан аркылуу өтүшүнө жардам берүү үчүн “Кыргызконцепт” компаниясын тандап алган элек. Алар бул иш- чарага өкмөттүк деңгээлде колдоо көрсөтүп, чек ара, бажы жана башка текшерүүлөрдү тез бүткөрүүгө көмөк көрсөтүштү. Ар бир машинаны 30-40 секунда чек арадан өткөрүп беришти. Бул супер көрсөткүч. Биз өткөн мурдакы 11 өлкөдө мындай көрүнүш болгон эмес.
Амстердам- Пекин автожарышынын Кыргыз жергеси аркылуу өтүшү, өлкөнү дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөөрүн, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө ыңгайлуу жагдай түзгөнүн ”Кыргызконцепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев белгиледи:
- Ушул автожарыштын катышуучуларын Бишкекте тосуп алып, элибиздин меймандостугун көрсөтүп, улуттук ыр- бий тартуулап, Кыргызстанды таанытууга өбөлгө болду. Кыргызстандын аймагына келген автожарыштын катышуучуларын чек арадан бажы жана башка кызматтары тез, ыкчам өткөрүүгө, аларга тоскоол болбоого аракет кылып, катышуучулардын ыраазычылыгын алдык. Бул үчүн бардык керектүү документтерди күн мурун дайындап берген элек.
Автожарыштын катышуучуларынын Кыргызстанда болушу өлкөгө чет элден туристтердин келишине чоң реклама болоорун өлкөнүн өнөр жай, соода жана туризм министринин орун басары Турусбек Мамашев да кошумчалады:
- Дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө өтө аз билишет. Ысыккөл, асман тиреген тоолорубуз, тарыхый эстелик, мурасттар тууралуу толук маалымат бере албай келебиз. Ошондуктан реклама, маркетинг кызматын колго алуунун бир ыңгайы, мүмкүнчүлүгү ушул Эл аралык Амстердам- Пекин автораллисинин Кыргызстан аркылуу өтүшү болду. Бул үчүн “Кыргызконцепт” компаниясы чоң иш- аракеттерди жасады.
Жергиликтүү журналисттер тобу автожарыштын катышуучуларын Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы Чалдывардан тосуп алып, кайра кайтып кеткенче коштоп жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле өлкөнүн тургундары эски үлгүдөгү авто унааларды көрүү жана таанышуу ыңгайы да түзүлдү.
Ушул Амстердам- Пекин автожарышына Жапониянын «Хонда» автокомпаниясы жана Кытай телекомпаниялары демөөрчү болуп жүрөт. Бул автораллинин жүрүшү 13- августта Пекинде жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү аныкталат.
Кабыл Макеш, Бишкек