Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

РОССИЯ ДУШМАНЫМ ДЕП ЭСЕПТЕГЕН 17 ТЕРРОРДУК УЮМДУ АТАДЫ


Орусиянын басылмалары жума күнү алгачкы ирет мамлекетке коркунуч туудуруучу террордук уюмдардын тизмесин расмий жарыялашты. Ал жерде тизме Коопсуздуктун федералдык кызматы (ФСБ) тараптан түзүлгөнүнө шилтеме берилген жана аты аталган уюмдарга Орусия жеринде аракет жасоого тыюу салынат. Орусиянын Жогорку соту ишкердиги өлкөгө коркунуч туудурат деп тааныган 17 террордук уюм катталган. Алардын арасында ишкердиктери мурда эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү террордук деп таанышкан палестиндик "Хамас" жана ливандык «Хезболла» топтору жок. Анализчилер мындай жагдайдын пайда болушун бул маселеде москвалык бийликтин башкача саясатка өтүшүнөн улам болуп атат дешет.

Орусия азыркы тушта өзүнүн душманы деп эсептеген 17 террордук уюмдун атын атады. Ал тизмени ФСБнын эл аралык террорчулук менен күрөшүү башкармасы жана башкы прокуратура даярдашкан. "Хамас" менен «Хезболланын» тизмеге кирбей калышын ФСБнын кызматкери Сапунов «аларда биздин өлкөнүн кызыкчылыгы бардыгынан улам болду», - деп чечмелеген.

-Биринчиден, ал уюмдарды жер жүзүндө өлкөлөрдүн баары тең эле ошондой террорчу экен дебейт. Экинчиден, 17 уюм – бул биздин өлкө гана террорчу деп эсептеген уюмдар. Демек, ага биздин мамлекеттин коопсуздугуна өтө коркунуч туудуручу уюмдар гана кошулду, - дейт Сапунов журналисттерге жасаган түшүндүрмөсүндө.

Тизмеге алынган 17 уюм тең ислам динине тийешеси бар ат менен аталганы көрүнүп турат. Маселен: «Кавказ можехеттеринин бириккен күчү»…, «Ал Каида», «Хизб ут-тахрир», «Талибилер кыймылы», «Өзүбекстандын исламдык кыймылы» жана башкалар бар.

Мусулман журналисттеринин биримдигин жетектеген Радик Амиров «бул жерде террорчулук жолго түшкөндөр: исламды жамынып душманын коркутуу жана мен мусулман дегенди бириктирүү аракети жатат. Болбосо исламдын террорчулукка эч кандай тийешеси жок», - дейт:

-Исламда христианды өлтүрүүгө болбойт. Жөөттөрдү, мусулмандарды өлтүрүүгө болбойт. А тиги, терророчулук жолго түшкөндөр аны аңдашабы? Алар элдин ыркын гана кетиришет», - деди «Азаттык» аркылуу айткан пкиринде.

Бул тизме июн айында террорчулук менен күрөшүү боюнча Мамдума кабыл алган мыйзамдан улам пайда болгон. Азыр эми Түндүк Кавказда гана эмес бүтүндөй өлкө ичинде оппозиция менен күрөшүү болорун саясий анализчи Алексей Ващенко айтты:

-"Террорчулук менен күрөшүү» мыйзамына толуктоо киргизилгенден тартып алар менен ырайымсыз ыкма менен согушуу башталды. Бирок азыркы тушта Орусия башка өнүккөн өлкөлөр менен бирдикте Интерпол сыяктуу орган түзүп гана бул маселени чече алат, - дейт анализчи.

Өлкөдөгү жикчилдер менен барыдан мурда Кавказ өрөөнүндө күрөш күчөй турганын Маскөө шаардык Думанын депутаты, «Альфа» тандалма топтун президенти Сергей Гончаров террорчулук менен күрөшүү туурасында мындай ой айтты:

- Орусия үчүн Түндүк Кавказда маселенин чыйрамы жана элек. Ал биз үчүн азыр да эң негизги маселе боюнча кала берүүдө, - дейт депутат Гончаренко

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG