Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Айдар Акаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда


БИШКЕК. Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө улантылууда. Экс-премьер-министр Николай Танаевдин, экс-президенттин күйө-баласы Адиль Тойгонбаевдин, Маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Юрий Лысогоровдун жана Жазаны аткаруу боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Носовдун үстүнөн козголгон кылмыш иштер Россиянын жана Казакстандын сот органдарына өткөрүлүп берилиши ыктымал. Анткени, алар Минск конвенциясынын негизинде Кыргызстанга өткөрүлүп берилбеши да мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн баш прокурор Камбаралы Конгантиев билдирди.

XS
SM
MD
LG