БАТКЕН. Баткенде коомчулук демилгечи болгон эл аралык фестивалы өтүүдө. Достук майрамга Тажикстандын Исфара районунун жана Өзбекстандын Сох районунун жаш өнөрпоздорунун катышуусу күтүлгөн болчу. Фестивалдын ачылуу аземине Өзбекстандан делегация келбей калды. Достук фестивалын уюштуруп жаткан “Музбулак “ коомдук уюмунун башчысы Турган Эшалиеванын айтымында, Сох райондук акимчилиги менен 30-июлда телефон аркылуу байланышканда фестивалга катышуу тууралуу акыркы макулдугун беришкен болчу. Уюштуруучулар өзбек таланттары жол азабынын айынан кечигип калышса керек деп болжолдошууда. Белгилеп кетчү нерсе, буга чейин апрель айында өткөн эл аралык өрүкзар мекениндеги фестивалга да Фергана облусунан таланттар келбей калышкан.
Сабыр Абдумомунов
Сабыр Абдумомунов