Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

ИРАН КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН РЕЗОЛЮЦИЯСЫНА МОЮН ТОЛГОП ЖАТАТ


Иран 31-августка уранды байытууну токтотушу шарт. Болбосо, Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши дүйшөмбү күнү кабыл алган резолюцияга ылайык, Иранга каршы экономикалык санкция колдонушу мүмкүн. Мындай резолюцияны Коопсуздук кеңешинин Катардан башка 14 мүчөсү колдоду. Кеңештеги Араб мамлекеттеринин өкүлү- Катардын элчиси анын өлкөсү резолюцияга каршы эмес, бирок, Жакынкы Чыгышта согуш жүрүп жатканда, берегидей чечимди кабыл алуу натуура деп санаарын билдирди.

Бир нече күнкү талкуу кезинде АКШ, Британия, Германия жана Франция резолюцияга 31-августка Иран уранды байытууну токтотпосо, токтосууздан санкция колдонулат деп жазууну талап кылып жатышкан. Бирок, акыр аягында Коопсуздук Кеңешинин вето укугуна ээ мүчөлөрү Кытай менен Россия жактаган сунушу өттү. Кабыл алынган резолюция боюнча, айдын аягында Иран уранды байытууну токтотпосо, Коопсуздук Кеңеши кайра чогулат да, санкция колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулайт.

Анткен менен, АКШ жана Евробиримдик резолюцияга канааттануусун билдиришти. АКШнын элчиси Жон Болтон Иран прагматикалык жолду тандайт деп үмүт кылат:

- Биз, Иран стратегиялык чечим кабыл алат деген үмүттөбүз. Кыргын салчу куралды өнүктүрүү Ирандын коопсуздугун бекемдебей, дагы начарлатат. Биз даяр турушубуз зарыл: Иран башка жолду тандашы ыктымал. Анүчүн Кошмо Штаттары жана башка Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр Иран бул резолюцияны аткарбаса, Улуттар Уюмунун хартиясынын 41-беренесине жараша экономикалык санкция колдонуу зарыл деген ниетин айтты.

Британиянын элчиси Эмир Жонс Парринин айтымында, Иран Батыштын сунушуна көнүп, ядролук программадан баш тартса, пайда гана табат:

–Иранга жасалган сунуш эки жактын өз ара урматташуусуна жана кызматташуусуна негизделет. Ал Иранга ядролук өнөр жайдагы алдыңкы өндүрүштүк технологияны өнүктүрүүга зарыл бардык нерсени берет, анын ичинде Иранда жеңил суутек менен иштеген реакторду, Россияда уранды байытуучу теңорток ишкананы куурууда чоң жардам алат жана ядролук материал менен мыйзамый түрдө камсыздалат деп убада кылынат.

Айтылган сунушка ылайык, Вашингтон Иранга каршы колдонуп жаткан санкциялардын айрымдарын алып салат жана отуз жылдай убактыттан бери биринчи жолу Тегеран менен түз сүйлөшүүгө макул. Түз сүйлөшүүнү Иран эбактан бери талап кылып жүргөн.

Ирандын президенти Ахмединежад Коопсуздук кеңешинин резолюциясына макул болбосун, Иран да башка өлкөлөрдөй эле ядролук энергияны өнүктүрүүгө акылуу экенин жекшемби күнү резолюциянын мазмуну маалым болгондо билдирген.

Ирандын элчиси Мохаммад-Жавад Зафирдин айтышынча, ирандыктар 1980-жылдардагы Иран-Ирак согушу маалында Саддам Хусейн колдонгон массалык кыргын салчу куралдын курмандыктары болушкан. Андыктан, Иран идеологиялык жана стратегиялык жактан ядролук куралдуу болууга кызыкпайт, ядролук технологияны тынчтык максатында гана өнүктүрүүнү каалайт.


Амирбек Азам уулу

XS
SM
MD
LG