Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Жабылган ЖОЖдордун студенттери көчөдө калбайт


БИШКЕК. «Жабылган жогорку окуу жайлардын, алардын бөлүмдөрүнүн студенттери талапка ылайык келген башка окуу жайларга которулат»,- деп билдирди билим берүү министри Досбол Нур уулу коомчулукка жасаган кечээки кайрылуусунда. Анда министрликтин чечими менен талапка жооп бербеген 7 жогорку окуу жайы жабылып, 21 окуу жайдан 89 кесипке даярдоо боюнча лицензиясы алынганы айтылат. Которулууга туш болчу студенттердин саны жалпысынан 17 миңге жакын.

XS
SM
MD
LG