БИШКЕК. Өкмөттөр аралык комиссиянын сегизинчи жыйынына катышуу үчүн бүгүн премьер-министр Феликс Кулов баштаган топ Омск шаарына жөнөп кетмекчи. 3-августка дейре созулчу бул жыйында Кыргызстан менен Орусиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташуу маселелери каралат. Мындан сырткары Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарына байланышкан маселелер да талкууланышы күтүлүүдө.