Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

ООБА, «СОҢКӨЛДҮ МАНАС ЖЕРДЕГЕН» ДЕШТИ


«Соңкөлдү Манас жердеген» аталышта эларалык фестиваль өттү. Орусия Мамдумасынын жетекчи орунбасары Кыргызстанга келип кетти. Конституциянын үч долбоору – үч айрылыш жол. Парламенттик башкарууда өкмөттүн кризистерден башы чыкпайт, президенттик башкарууда жеке адамдын өзүмбилемдигинен эл жүдөйт.

Шейшембидеги кыргыз басылмаларында кыргыз рухунун шаң-салтанатына айланган «Соңкөлдү Манас жердеген» эларалык фестивалынын жүрүшү тууралуу материалдар арбын жарыяланды. «Көлдү жээктей тигилген Ормон хан, Арстанбек, Байзак, Кошой, Тайлак баатыр боз үй айылдарында манасчылардын жарышы, акындардын айтышы, салттуу өнөр, улуттук кийимдер, кол өнөрчүлүк, «Акмөөр сулуулары» жана башка улуттук каада-салт, үрп-адат ж.б. боюнча кароо-сынактар өтүп жатты.

Атайын даярдалган спорттук жайда көкбөрү, оодарыш, күрөш, оордук көтөрүү, кыз куумай, аркан тартыш оюндары өткөрүлүп, жеңүүчүлөр финалдык оюндарга чыгышты. Кыргыз элинин улуттук оюндарына 14 өлкөдөн келген коноктор көз салып турушту», деп жазат «Эркинтоо» гезитинде Сакы Садыков.

Соңкөл боюна 350 бозүй тигилип, келген конокторду 7 миңге чукул кишилер тейледи. Бозүйлөрдүн көпчүлүгү келген меймандардан акы алып, конок кылышы керек эле, бирок да бекер тамакка көнгөн аткаминерлердин көптүгүнөн алардын 100 жакыны гана акылуу кызмат көрсөтүп, калгандары өз жанынан бекер сый көрсөттү, дейт макала автору.

Кыргыздын Ысыккөлү Европа курортунан үч эсе жогору турат. Мындай пикирин Орусиянын Мамдумасынын төрага орунбасары В.Жириновский Кыргызстанда жарыя кылды. Анын Көл менен Бишкектеги сапары кандай өткөнү тууралуу Азизбек Чамашевдин макаласында кеп болот.

Көлдөгү кооз капчыгайдагы чоң сыйдан соң Орусиядан келген конок КМШ үчүн бирдиктүү паспорт киргизүү сунушун билдирип, көп аял алууга уруксат берүү демилгесин колдой тургандыгын ачыкка чыгарды, деп жазат «Слово Кыргызстана» гезитинде Ольга Безбородова.

Басылманын жаңы санында Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун башкаруунун президенттик формасына ык тарткан пикирине да орун берилген. Анын айтымында, эгер Кыргызстан парламенттик башкарууга өтсө өкмөттүн улам-улам отставкага кетишинен өлкө кыйын абалга кабылат. Өкмөттүн тез-тез алмашуусу артынан саясий кризистерди чубалтып ээрчите келет.

Т.Бакир уулу башкаруунун президенттик формасын жактырганы менен, парламентти таратуу механизмин кыйла татаалдаштыруу керек деген пикирде. Парламентти президент референдум аркылуу гана тарата алат, эгер көпчүлүк президенттин сунушуна макул болбосо, мамлекет башчы кызматын таштап кетүүгө мажбур болот.

Кыргызстанда саясий партиялардын саны сексенден эбак эле ашкан. Бирок, да партиялардын көптүгү кандайынан келгенде да жакшы жышаан, дейт «Асаба» партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева. Анын «Биз бакыттын артында кезекте турган жокпуз, ал үчүн күрөшүп жатабыз» деген маеги бүгүнкү «МСН» гезитинде жарыяланды.

Р.Отунбаева башкаруунун парламенттик формасын жактырат. Жалаң партиялык тизме менен шайланган парламент гана өкмөттү дайындап, аткаруу бийлиги бир кишинин көзүн карабайт. Азыр болсо башаламандык, президент К.Бакиев кайсы жактан ким бут тосот деп чочулап отурат. Акаевчилер саатын күтүп турушат, бир жакта диний чаарбаштар коркунуч келтирсе, бери жактан оппозиция ыкыс көрсөтүп атканы кырдаалдын кандайлыгын кашкайтып көрсөтүүдө.

Роза Отунбаева Кыргызстан ХИПК программасына кирсе карыз жүгү кыйла жеңилдейт эле деп эсептейт. Ушу тапта өкмөт эларалык каржы уюмдары менен биргелешип программага кирүүнүн эсеп-чотун чыгарышууда. Ошондон кийин гана бир чечим кабыл алынышы керек.

2017-жылга чейин Кыргызстандын электр энергияга болгон ички керектөөсү 17 миллиард киловатка чейин өсөт. Ысыккөл курорт зонасын жана өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү кошумча энергияны талап кылат, деп жазат «Кыргыз туусу» гезитинде Токтомуш Өскөнов. Автордун ырасташынча, Камбарата ГЭСтерин куруу 2 миллиард ашуун доллар каражатты талап кылат. Анан да өндүрүлчү электр энергиянын өздүк баасы өтөле кымбат – киловатына 7 - 8 центти түзөт. Андай кымбатбаа электр энергиясын чет элдиктер эле албаса, кыргызстандыктардын чама-чаркы жетишпейт, деп жазат макала автору.

«Кыргызстан жалпынын эмес, менин үйүм болсо», дейт Төлөгөн Козубеков Башмыйзам тууралуу макаласында. Автордун ырасташынча, Кыргызстанга кош жарандуулукту киргизүүгө азырынча эрте. Ушу тапта жумушсуздуктун айынан кыйналып жаткан жердештерибизге аз болсо да жеңилдик болсун деп ушундай кадамды жасаганы турабыз. Бирок да Орусия, Казакстан, Өзбекстан кош жарандыкты колдойбу, кеп ушунда, дейт Т.Козубеков.

«Кыргыз туусу» гезитинде Төлөгөн Эсенкуловдун «Токтогул району тозуп кетсин дебесеңиздер» деген кайрылуусу жарыяланды. Анда суу сактагыч куруларда өйдө жакка көчүрүлүп чыккан элге келтирилген зыяндарынын ордун толтуруп берүү жөнүндө мыйзам чыккан. Бирок да мыйзамдын аткарылышы кыйынга айланып, айласы куругуна калктын кыйласы башка жактарга көчүп кетүүдө.

Бекташ Шамшиев, Бишкек
XS
SM
MD
LG