Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

КОРЕЯДА ООР АТЛЕТ СУЛТАН ӨМҮРЖАН УУЛУ АЛТЫН МЕДАЛЬ ЖЕҢДИ


1-августта кечинде Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилигинде кыргызстандык Султан Өмүржан уулу алтын медалды жеңип, Бишкекке олжолуу кайтып келатат.

Азия контингентиндеги 24 ѳлкѳнүн улуттук командалары катышкан Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпионатына каражаттын тартыштыгынан Кыргызстандан уландар арасында Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Султан Өмүржан уулу менен Элдияр Шадманов гана катышты. Мелдеш учурунда 200дѳн ашык спортчулар арасында кыргызстандык Султан Өмүржан уулу эң мыкты даярдыктарын кѳргѳзүшүп, Иран, Түштүк Корея жана Кытай өлкөлөрүнүн балбандары менен теңтайлашып, Азиянын алтын байгесин утуп, 1-августта Кыргыз жергесине олжолуу кайтып келатат. Ал эми 94 кг. салмакта күч сынашкан Элдияр Шадманов байгелүү орунга илинбей калган. Мындан тышкары Азия чемпионатынын уюштуруу комитети тарабынан Кыргызстандагы жалгыз эл аралык класстагы калыс Ѳмүржан Молдодосов да барган.

Султан Өмүржан уулу мурда Ташкентте өткөн Азия чемпионаттарынын күмүш байгесин жеңип, быйыл да Кыргызстандын чемпиону аталган.

Султан быйыл 15 жашка толду, ал 13 жашында Кыргызстандын спорт чебери аталган. Алардын үй бүлѳсүн оор атлетчилердин династиясы дешет. Себеби атасы-Ѳмүржан агалары Эсен жана Үсѳн спорт чеберлери гана болбостон ѳлкѳгѳ эмгек сиңирген машыктыруучулар. Бир тууган агалары Улан жана Кутман Молдодосов да жаштар жана чоңдор арасында Азия эки жолку чемпиону болушкан. Улан бүткүл дүйнөлүк студенттердин чемпионатында жана Ислам оюндарында баш байгени жеңип алган. Султан да бул бийиктиктерди дагы жогорулатып дүйнѳ чемпионатынын жана олимпиада оюндарынын алтын медалдарын жеңип Кыргызстанды ааламга тааныткысы келет.

Азия аймагында кытайлык , кореялык жана ирандык спортсмендер сан-сапат жагынан күчтүү экенин эске алсак бирде ач, бирде ток болуп жүргөн жигиттер Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып келүүдө. Бул Азия биринчилигине Султан Өмүржан уулуна каражат бөлүп жөнөткөн өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин директору Бектур Асанов Кыргызстанда оор атлетикага кызыккан жаштар арбын экенин белгиледи:

-Бул мелдешке баруу үчүн кѳп кыйынчылыктар болду. Биз Азия чемпионатына 4 жигитти даярданбыз. Каражат маселеси кендирди кесип айла жоктон Сулан менен Элдиярды гана алып барууга туура келди. Ошого карабай Султан Азия чемпиоантынын алтын медалын жеңип бергенде баардык кыйынчылыктар унутулуп калды. Дүйнѳдѳгү эң күчтүү делген кытайлык жана ирандык балбандарга каршы туруу кыйын. Себеби кийинки олимпиадалык оюндарда жана дүйнѳ чемпионаттарында алардан алдыга озуп байге алгандар боло эле. Ошондуктан алардыкындай шарт түзүп бере албасак да биздин жаштарга камкордук кѳрүп чоң спорттогу жолуна тоскоол болбосок. Жаштардын бул спортко кызыгуусу али жана элек. Ошондуктан Ош аймагына дагы эки мектеп ачылды.

Эгерде бул жаш таланттарга азыртан камкордук кѳрүлбѳсѳ, айрыкча айылдык спортко көңүл бурулбаса , жаштар коңшу ѳлкѳлѳргѳ кетип калышы да толук ыктымал. Себеби айылдык жигиттерге көңүл бурулбай көмүскөдө калып жатканын Талас облусттук спорт комитетинин төрагасы Шаршенбек Конгантиев баса белгиледи.

-Колдогу алтындын баркын билип жаштарга кѳңүл бѳлүнсѳ. Айыл жеринде эч кандай шарт жана жабдуу жок. Кыргызстандын биринчилиги өткөрүлүп, мыктылар тандалып алынбайт. Эл аралык мелдештерге бишкектиктерди башкача айтканда Өмүржан Молдодосов өз уулдарын же шакирттерин гана алып барат. Оор атлетика Молдодосовдордун менчигине гана айланып, башка таланттуу жаштардын багы ачылбай келатат.

15 жылдан бери оор атлетика менен машыгып келаткан, өлкөнү эл аралык аренада тааныткан Азиянын эки жолку чемпиону Улан Молдодосов иниси Султандын жеңиши жана келечеги тууралуу өз оюн мындайча билдирди:

- Султан жакшы эле даярдык көрдү. Ошонун жыйынтыгына жараша Азия чемпионатында алтын медаль утту. Эмки Катарда 15- Азия оюндарынын таймашуулары кыйын болчудай. Биздин негизги аттаандаштарыбыз ирандык, кытайлык жана кореялык күчтүү спортчулар бар. Кимдин даярдыгы мыкты болсо, жылдызы жанышы мүмкүн. Аны мелдеш көрсөтөт. Султан абдан эмгекчил, өлкөнү таанытып, Каныбек Осмоналиев аяш атабыздай олимпиада чемпиону болсом деген тилеги бар.

Эми кыргызстандык оор атлетчилер сентябрь айында Африканын Доминикан республикасында өтчү дүйнө чемпионатына барууга даярдык көрүшүүдө. Бул дуйнөлүк таймашуунун бир артыкчылыгы мында жеңип, алдыңкы орундарга жетип, көп упай топтогон командаларга 2008- жылы Пекинде өтчү жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомолор ыйгарылат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG