Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

ТАЛАШТАН БАШЫ АЧЫЛБАГАН МЕЙМАНКАНА


Бишкектеги «Аккеме» мейманканасынын айланасындагы талашка жакын арада чекит коюлбайт окшойт. Түркия – Кыргызстан ортосундагы соода-экономикалык алака-катыш проблемаларын талкуулаган ортолук жыйында мейманкана талаш козголчудай окшоп калды.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Серпил Алпман айымдын айтуусунда, эки өлкө ортосундагы экономикалык карым-катыш жылдан-жылга тереңдеп баратат. Ортодогу мамиленин орчун проблемалары жайында Түркиянын маданият жана туризм министри Атила Коч менен кыргыз-түркиялык өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы, мамлекеттик министр Бешир Аталайдын Бишкекте болчу иш сапарында кенен-кесир сөз болот.

- Жыл сайын эки ирет өткөрүлүүчү өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны бул ирет ушул айдын жетисинде Бишкекте өтөт. Комиссиянын теңтөрагасы профессор, доктор Бешир Аталай 7-августта Бишкекке келет. Соода-экономикалык комиссия эки өлкө ортосундагы карым-катышты жакшыртуунун жолдорун талкуулайт,- деп айтты Серпил Алпман айым.


Элчинин ырасташынча, эки өлкө ортосундагы экономикалык карым-катышка салакасын тийгизип аткан орчун проблема - Бишкектеги «Аккеме – Пинара» мейманканасынын айланасындагы талаштын мыйзамдык баасын албагандыгы, ага кошумча 24-марттан кийин таланып-тонолгон түркиялык ишкерлердин тарткан зыянын төлөп берүү маселесинин эмдигиче чечилбей келаткандыгы.

- Ток этер жерин айтсам, бул Бишкек – Пинара мейманканасын басып алуу, экинчиси 24-марттагы талап-тоноолордон жабыркаган түрк ишкерлеринин абалын жеңилдетүү маселесинин кечеңдеп жатканы,- деп билдирди Серпил Алпман айым.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси соңку кездери «Систем Мюхендислик» компаниясынын жетекчиси Фехим Енижени опсуз сындоо, жаманатты кылуу аракети көрүлүп жатканына таң калганын жашырган жок. Калыс, адилет сот чечими чыга электе белгилүү ишкерди бирбеткей шыбоо жосунсуз жорук экенин айтты.

Кыргыз-түрк ишкерлеринин ортосундагы чоң талаштан башы чыкпай келаткан «Бишкек – Пинара» мейманканасы сот чечими менен кыргыз-малайзиялык «Аккеме» жоопкерчилиги чектүү акционердик коомго тиешелүү экени ырасталган. Коомдун жетекчиси Руслан Сарымсаков Фехим Ениже мырза 1999-жылдан 2005-жылга чейин салык төлөбөй келген дейт.

- Алты жыл бою алар эч кандай салык төлөбөй мейманкананы иштетип келишти. Сатуу-сатып алуу келишимин алар сыртынан тон бычып эле түзүп коюшкан. Бул кагаз жүзүндөгү эле нерсе болчу. Бул факт иш каралган жердин баарында, Жогорку сотко чейин аныкталган. Чын-чынына келгенде бул өзү жалган келишим болгон. Эч ким эч нерсе төлөгөн эмес.

Сот чечиминен соң Кыргызстандын Экономика жана каржы министрлиги, Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети мейманкананын азыркы ээси Руслан Сарымсаков менен мунаса келишимге кол койгон. Түркиялык тарап андай сот чечимине ынанбай, талаштуу маселени дагы бир жолу орток жыйында көтөрөт окшоп калды.

XS
SM
MD
LG