Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Иракта соңку кыянатчылыктардан 70ден ашуун адам өмүрүнөн айрылды


Кечээги жардыруулардан курман болгондордун кеминде 20сы жоокерлер. Багдадын түндүк тарабындагы жолдо алар кетип бара жаткан автобус жардырылган. Ал эми башкалаадагы банктардын бирин сыртында полицейлер менен жоокерлер айлыгын алып жаткан кезде бомбалагандыктан, автоунаа жарылып, дагы 14 киши мерт болуп, 37си жаракат алды. Басра шарында согушкерлердин огунан бир британ аскери каза тапкан.
Ал эми өлкөнүн батышындагы Наджаф провинциясында 45 киши уурдалып кетти. Жергиликтүү бийликтердин маалыматына караганда, ал адамдар кетип бара жаткан автобуска, козголоңчулардын таянч бекети катары эсептелген Рамади шаарынын жанынан кол салынган. Бирок окуя качан болгону белгисиз.

XS
SM
MD
LG