Виктор Ющенко бүгүн Жогорку Радага президенттик шайлоо боюнча мурдагы атаандашы Виктор Януковичтин талапкерлигин премьер- министрликке сунушташы керек же парламентти таркатуусу абзел. Бүгүн бул маселени чечүү үчүн Конституцияда каралган мөөнөт аяктоодо. Баяндамачылардын пикиринде, парламенттин таратылышы саясий кризисти азыркыдан да тереңдетет. Тараптардын сүйлөшүлөрү кечээ да улантылды.