Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Израилдин аба десантчылары "Хезболланын" согушкерлери менен Баалбек шаарчасынын жанында кагылышты


Баалбек Ливандын чыгышында жайгашкан шаарча. Окуя бүгүн эртең менен болгон. Израил бул чабуулу менен Ливандын аймагына ичкээри кирип барды. Кабарларга караганда, Баалбекте десантчылар менен "Хезболланын" согушкерлери ортосунда бүгүн эртең менен айгышкан уруш жүрдү. Израил армиясынын билдиргенине караганда, жоокерлер өз базасына бир нече согушкерди туткундоо менен эч жоготуусуз кайтып келди. Бирок, мындай маалыматты "Хезбола" уюму төгүндөдү. Күбөлөрдүн айтымында, Баалбекке жасалган аба соккулар кеминде жети адамды мерт кылды. Бүгүн Израил Ливандын аймагына аба соккуларын жарым жартылай токтоткон 48 сааттык мөөнөт аяктады. Израил мындай тыныгууга Ливандын Кана шаарын бомбалоодо 50дөн ашуун адам, көбүнсе жаш балдар мерт болгон соң барган.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери болсо кечээги жыйынында тараптарды ок атышууну тезинен токтотууга чакырган билдирүү кабыл алышты. Анда ок атышуу токтогон соң аймакта туруктуу тынчтыкка жетүү зарылдыгы да белгиленет.

АКШ Мамлекетик катчысы Кондолиза Райс америкалык телекөрсөтүүдөн ок атышууну токтотууга алдыдагы бир нече күндүн аралыгында жетишүү мүмкүн экенин билдирди.

Израилдин премьер- министри Эхуд Ольмерттин айтымында, "Хезболла" чоң жоготууларга кабылганын эске алганда, жараян ок атышууну токтотууну көдөй бара жатат.

Кызыл чырым уюму болсо коопсуздук кепилдигин ала албагандыктан улам, кечээ Ливандын түштүгүнө гуманитардык жардам жөнөтүүнү токтотууга мажбур болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG