Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

КУБАНЫН КЕЛЕЧЕГИ КИЧҮҮ КАСТРОНУН КОЛУНДА


Кубаны 47 жыл үзбөй башкарган Фидель Кастро ичиден кан кетип, карын-ичегисине операция жасалды. 79 жаштагы Фидель Кастро айыгып чыкканча, бийлик иниси Рауль Кастрого өттү. Кубанын келечеги, Раулдун саясый бейнеси жөнүндө «Азаттыктын” Вашингтондогу кабарчысы Андрю Тулли АКШнын Мамлекеттик департаментинин мурдакы кызматкери Стефан Иохансон менен маектешкен эле. Анын кыскача котормосун Амирбек Азам уулу сунуш кылат.

RFE/RL: Сиз кандай деп ойлойсуз: Рауль Кастронун жетекчилиги астында Куба өкмөтү өзгөрөбү?

Стефан Иохансон : - Рауль Кастро акыркы 50 жылга жакын мезгилде Фидель Кастро аралда жүргүзгөн тоталитардык тажрыйбанын ажырагыс бөлүгү болду. Ал Фидель Кастрого Кубадагы бүгүнкү мамлекетти курууга көмөктөшкөндүктөн- ушул жолду улантууга кызыкдар… Рауль Кастро Кытайга сапарга баргандан кийин капитализмдин кээ бир элементтерин колдонуудагы Кытайдын экспериментин пайдалануу жаңыланууну жана эл аралык экономикага аралашууну жеңилдетерине көзү жеткен. Ошон үчүн ал маал-маал кээ бир идеяларды ортого салып, бирок анысы дайыма Фидель агасынан өтпөй жаткан.

RFE/RL: Непада Раул Кастро экономиканы башка жолго салса, Куба тез эле өзгөрүп кетеби?

Стефан Иохансон : Рауль үйдүн чатырын көп болбосо да, тезирээк оңдоо зарыл экенин билет. Антпесе, ал өкмөттү контролдой албай калат. Албетте, анын экономиканы кыймылдатып турган ири ишканалардын көбүнү контролдоп турган куралдуу күчтөрдүн командачысы болгону маанилүү. Ошондуктан, анын экономикалык кубаты күчтүү. Ал полицияны да жетектейт. Ушундан улам ал айрым өзгөрүүлөрдү жасай алат жана өкмөттү азырынча өз бийлиги астында кармап турат.

RFE/RL: Сиз эмне Кубанын эли Рауль Кастронун жетекчилиги астында өз тагдырын өзү аныктай алаарына ишенбейт дейсизби?

Стефан Иохансон : Менин оюмча, эл келечекте өз эркин мурдакыдан бир кыйла эркин билдире баштайт. Кастро - харизматик, бакубат жана элди өзү каалагандай бура алган. Раулда андай харизмасы жок, ал элди сөз менен ишендире албайт. Көпчүлүк эл өкмөттү мурдакыдай колдобой жана демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кыла баштаган шартта Рауль үчүн бул чоң проблема болот.

RFE/RL: Үч жума мурда АКШ президенти алдындагы комиссия Жорж Буштун кеңсесине кайрылып, бейөкмөт уюмдардын Кубада демократияны жайылтуу аракетин колдоого 80 миллион доллар бөлүүнү сурашкан. Сиз, Кастродон кийин Буш өзүн ушундай демилге менен чектейт дейсизби?

Стефан Иохансон : Кошмо Штаттары, эң алды, Куба жана АКШ өкмөттөрү ортосундагы мамилени өзгөртүү үчүн Кубанын эмки өкмөтү менен байланышка, анын ичинде соода катнашын жакшыртууга, дипломатиялык элдешүүгө, аралга турист болуп барууга акчасын аябаган америкалыктарга кеңири уруксат берүүгө даяр турушу абзел деп ойлойм. Мындай алакалар мурда болбогон. Биз бир тууган Кастролор кетип, Кубада демократия жана эркин экономика болмоюнча, мамиле курбайбыз деп жатканбыз.

RFE/RL: Рауль Кастро агасынан беш эле жаш кичүү болгондуктан, анын дагы беш жыл турары күмөндүү. Рауль Кастронун ордуна ким келет?

Стефан Иохансон : Буга дейре бир нече генералдын ысмы аталган. Раулдан бийликти мурастап алчу генерал, бийликти коллегиалдуу негизде, хунта сыяктуу жүргүзүшү мүмкүн.

RFE/RL: Сиз акыр аягында Кубаны аскерий өкмөт башкарып калат деп ойлойсузбу?

Стефан Иохансон : Иш жүзүндө Кубаны азыр аскерий бийлик башкарат. Себеби Фидель Кастро өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкоманадачысы жана тыяк-быякка чыкканда аскер кийимчен жүрөт. Иниси-вице президент, ошондой эле Кубанын аскер министри. Аскерлер экономикадагы туризм жана башка маанилүү тармактарды түздөн түз же Ички иштер министрлиги аркылуу башкарышат. Граждандык өкмөткө башынан эле анча маани берилбеген. Граждандык инфраструктурада анча мынча ишканалар болсо да, аларды Рауль башкарабы же генералдар башкарабы,- айтуу кыйын.

XS
SM
MD
LG