Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Пахта заводун ал ишканада мурда иштегендер ээлеп алышты


ЖАЛАЛАБАТ. 50дөн ашык киши пахта заводдун имаратына кирип алышты. Алар ишкананы мамлекеттин карамагына өткөрүп берүүнү талап кылышууда. Бул тууралу заводдо мурда иштегендердин өкүлү Асан Нуриев билдирди. Анын айтымында шаардын ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү имаратты ээлегендерге алардын иш-аракети туура эмес экендигин түшүндүрдү. Губернатордун биринчи орунбасары Жаныш Курбанов заводдун маселеси сот тарабынан али толук чечиле элек экендигин, анын акцияларын бир нече жеке менчик фирмалар сатып алгандыгын билдирди. Ишканананын 20 пайыз акциясы эмгек жамаатына тиешелүү. Заводду мамлекетке кайтарып алуу иши былтыр май айында башталган. Ички иштер бөлүмүнүн маалыматы боюнча заводду 10-15 адам ээлеп алды.

Ырысбай Абдыраимов

XS
SM
MD
LG