Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

ЖАЛАЛАБАТ: ЖУМУШЧУЛАР ПАХТА ЗАВОДУН БАСЫП АЛЫШТЫ


2-августта кырктан ашык адам Жалалабаттагы «Кыргыз пахта» акционердик коомунун имаратын басып алышты. Алар учурунда 50 миң тонна пахта иштеп чыгарып, былтыртан бери токтоп турган заводду өкмөткө кайтарып алууну талап кылышууда. Облуста жеке менчик жана имараттарды басып алуу өнөкөтү уланууда. Бийлик жана байкоочулардын пикири боюнча талаш маселелер мыйзам жолу менен чечилүүсү тийиш.

Жалалабаттагы «Ак пахта» деп аталчу ишкананын 20 пайызы эмгек жамаатына, 60 пайызы мүлк фондусуна, калганы түрдүү жеке менчик фирмаларга тиешелүү. Кезегинде заводдо 1500дөй адам эмгектенген.

Коррупциянын күчтүүлүгүнөн дыйкандар аталган ишканага пахта түшүмүн бербей да калышкан. Анын айынан Түштүк Кыргызстандагы пахта тазалоочу эки чоң ишкананын бири өз мүмкүнчүлүгүнөн былтыр он эсе аз иштеген. Ишканада мурда иштеген Минавар Токтобаеванын жогоркудай оюна караганда завод өкмөткө өткөрүлүп берилип, эл үчүн иштөөсү зарыл:

- Заводду өкмөткө кайтарып берсе коммерциялык жолунан кайтып. Аны менен эл пайдаланса дейбиз. Бизде чигит жок, ошондуктан пахтанын сорту начар болуп атат. Дары-дармектерди көп жеп атат. Эл ошондон жакырланып атат. Андан сырткары сатып алуучулар таразадан да жешет.

Жалалабат шаар мэриясы заводду жабык типтеги «Кыргыз пахта» деп атоо жөнүндө чечим чыгарган. Oблустук прокуратура аталган чечимдин мыйзамдык жактан туура эместигин белгилеп, сотко кайрылган. Ал кайрылуунун негизинде Ош облустук экономикалык жана административдик сотунун коллегиясы мэриянын чечимин жокко чыгарган.

Ишкананын мурдагы жумушчуларынын бири Абдымуктар Гапиров кароосуз калган заводду инвестициянын күчү менен жолго салууну сунуш кылды:

- Булардын максаты бир-эки адамдын кызыкчылыгы үчүн заводду жок кылуу. Булардын эл менен иши жок. Ошондуктан эл топтолуп турушат.

Ишкананы басып алгандар таланып-тонолгон, жараксыз жабдуулар калган заводду өздөрү кайтарууда. Адамдардын тобу келгенде ишкананын мурдагы ээлеринин өкүлдөрү каршылык көрсөтүп, административдик кеңселерин жаап кетишкен.

Имаратты ээлегендердин өкүлү Жалил Жакыпов пахта заводу элге толук өтмөй сайын короонун аймагынан кетишпей тургандыгын билдирип, жаңы түшүмдү кабыл алууга азыртан камылга көрүүнү айтты:

- Өзүбүз өткөрүп алып, заводду ишке коймоюнча турабыз. Биз азыр албасак, булар дагы 2 жылдан кийин арыз жазышы мүмкүн. Менин оюмча, биздин президентибиз Бакиев Орусияга барып 10 миң тонна ак пахтага келишим түзүп келген. Ошондуктан бир гана биздин завод иштебесе башка чыгырыктар иштеп чыгара албайт.

«Эркиндик» партиясынын өкүлдөрү эки тарап кокустан чырдашып кетпөөсү үчүн кырдаалга көз салып турат. Партиянын облустагы төрагасы Мойдун Мамажановдун оюнда заводдун элге өтүүсүнө бийлик солгун мамиле жасоодо:

- Мен бул жерге келип байкоочу болуп турганымдын себеби, карапайым калктын мүдөөсү аткарылсын. Анан мурдагыдай милиция келип элди уруп-сокпосун деп, укуктары корголсун деп жүрөбүз.

Обулуста соңку айларда жер,имарат жана жеке менчиктерди басып алуу өнөкөтү пайда болду. Мындай өнөкөттүн андан ары жайылбоосу үчүн облус тургуну Анаркан Жаныбаева маселени мыйзам жолу менен чечүүнү сунуш кылды:

- "Ак пахта" боюнча сотко берилген. Азыркы жетекчилик "Ак алтынды" берип жатышат. Аталышы азыр башка болуп калган, ошол себептеп ал жоюлуп кеткен. Биз Жогорку сотко чейин кайрылып өзүбүздүн мүлкүбүздү сактап калууга аракет кылабыз деген.

Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматы боюнча имаратты басып алгандардын саны 15тен ашпайт. Коомдук тартип сакчылары аларга менчикти ээлеп алуу туура эмес экендигин жана кылмыш жообуна тартылуусу мүмкүн экендигин түшүндүрүшкөн.

Жумуш күнү аяктаарда заводду ээлегендердин өкүлдөрүн губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов өзүнө чакыртып алды. Орунбасардын ою боюнча Ош облустук сотунун чечими акыркы бүтүм эмес:

- Бул мыйзамсыз. Ош облустук сот чечкен бул ишти, бышпаган чечим. "Ак пахта" деген эмне, "Кыргыз пахтасы" деген кандай мекеме болгон, ал жөнүндө эч нерсе жок. Азыр Жогорку сотко апелляция берилген, качан гана Жогорку сот ал ишти алып чыкканда гана мыйзамдуу деп эсептелинет деп ойлойм, - деп айтты губернатордун орунбасары Жаныш Курбанов.

Ырысбай Абдыраимов

XS
SM
MD
LG