Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

АКШ: АРМЯН МЫЯТКЕРЛЕРИ Р. ХЮЖЛЕНДДИ ЭЛЧИЛИККЕ БЕКИТПЕЙ КОЙУШТУ


Апта башында АКШ Сенаты Арменияга элчиликке сунуш кылынган Ричард Хюжлэндди бекитпей койду. Ага Хюжлэнддин 20-кылымдын башында армяндарды түрктөр кырган деген көз карашка макул болбоосу шылтоо. Хюжлэнддин бекитбей калышы-акыркы жылдары вашингтондук саясатчылар арасында таасири күчөп бараткан америкалык армян мыяткерлеринин дагы бир ийгилиги. Бирок, Америкада жашаган азерилердин лоббиси анчалык күчтүү эмес.

Ричард Хюжлэндди Арменияга элчи кылып бекитүүнү кийинке калтырылды. Сенаттын Тышкы байланыштар комитетинин 18 мүчөсүнүн тогузу Хюжлэндден АКШ өкмөтү армян кыргыны боюнча өз саясатын ачык айтуусун талап кылышты. Сенатор Жозеф Байдн бул жөнүндө жарыялап жатып, Ак Үйдүн армян геноциди боюнча бейтарап саясатты кармануусу күмөндүү экенин белгилей кетти:

- Мен билгенден Буштун администрациясы өз саясатын өзгөртпөйт сыяктуу. Арменияда геноцид болгон жана тарыхты тануу өтө кыйын.

Хюжлэнд аркылуу Ак Үйгө кысым көрсөтүү- Америкадагы армяндардын улуттук комитети менен Америкадагы армян ассамблеясынын аракетинин натыйжасы болду. АКШда 2 миллион ашуун армян жашайт.

Армян ассамблеясынын аткаруучу директору Брайн Ардунинин айтымында, АКШ армян геноцидин таанымайынча, алар өз аракетин токтотушпайт:

- Биздин бирден бир көздөгөн максатыбыз: Кошмо Штаттардын армяндар кырылган деп таанусууна жетишүү.

Армян мыяткрелери Вашингтонго Түркия-Грузия-Азербайжан темир жолунун долбоорун каржылатпай койгон. 1992-жылы болсо Азербайжанды АКШдан жардам алчу өлкөлөрдүн тизмесинен чыгартып салган. Бир нече жыл илгери, Арменияны потенциалдуу террорчулуктун булагы деген тизмеге киргиздирбей коюшкан.

Кошмо Штаттарда Азербайжандын да өз мыяткерлери бар. Бирок, алар армян лоббиси сыяктуу таасирлүү да, активдүү да эмес.

Жэймстоун фондусунун башчысы Глен Ховард АКШлык армян мыяткеркерлерин пилге, азербайжан лоббисин кандекке салыштырып, акыркы жылдары түрктөрдүн саясый тобу кемелине жетип баратканын айтат:

-Армяндар азерилерге караганда узак жылдар мурда уюмдашып, иштей баштаган. 40 жыл мурда түрк мыяткерлери жок эле. Бирок, азыр алар бутуна туруп калды жана армяндар менен атаандаша алышат.

Американын азери диаспорасы жаш жана алардын көбү ирандан чыккандар. Ошон үчүн азери жамаатында бир катар проблемалар боюнча биримдик жок. Лекин алар Азербайжандын жерлерин Армениянын басып алуусу, Иранда азерилерди кемсинтүү маселесинде окшош көз карашта турушат, дейт Вашингтондо жайгашкан Азербайжан коомунун мүчөсү Бедир Мемедли.


Амирбек Азам уулу

XS
SM
MD
LG