Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Кубанын утурумдук жетекчиси коомчулукка көрүнө элек


Өлкө президенти Фидель Кастро ичегисине операция жасаткандыктан улам анын бийлик укуктары убактысынча өзүнүн иниси Рауль Кастрого берилгени эки күн мурда жарыяланган эле. Бирок ал андан бери коомчулукка көрүнө элек. Куба парламентинин төрагасы Рикардо Аларкон америкалык радиостанцияга берген маегинде Фидель Кастро "өтө жандуу, акыл – эси тунук экенин жана баарына кызыгып жатканын" белгиледи. Анткен менен 80 жаштагы Кастронун саламаттыгы боюнча кечээ эч кандай расмий маалымат таратылган жок. Фидель Кастронун Кубаны башкарганына 47 жыл болду.

XS
SM
MD
LG