Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин саны бир калыпта калат


Бул тууралуу АКШнын коргоо министрлигинин расмий өкүлдөрү билдирди. Быйыл жыл соңуна карата аскерлерди кезектеги алмаштыруунун алкагында жаңыдан 11 миң жоокер жайгаштырылмакчы. Ооганстандагы америкалык аскерлердин жалпы саны учурда 22 миңдин тегерегинде.
Ал эми кечээ түштүктөгү Гильменд провинциясындагы уруштарда Талибандын согушкери деп шектелген 18 адам жок кылынды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдашты.
Уруш провинциядагы кыштактардын биринде өкмөттүк аскерлер авиациянын жана эл аралык күчтөрдүн колдоосу астында рейд жүргүзүп жаткан кезде болгон. Мындан эки күн мурда Гильмендеги кол салуудан үч британиялык аскер каза тапкан эле.

XS
SM
MD
LG