Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Израил Бейруттун түштүк чет жакасына аба соккуларын кайра жандандырды


Бутага "Хезболла" уюмунун Ливан башкалаасынын түштүк чет жакасындагы буталары деп эсептелген жерлер алынууда. Маалымат агентикттеринин билдиргенине караганда, бүгүн эртең менен үч жарылуунун үнү угулду. Бул соңку бир нече күндөн бери Бейрутка жасалган алгачкы аба соккусу.

Ал эми Ливандын түштүгүндө Израил армиясынын маалыматына караганда, "Хезболланын" согушкерлери менен соңку урушта бир жоокер каза таап, төртөөсү жаракат алган. Ушуну менен үч апта ашкан уруштарда мерт болгон жөөт аскерлеринин саны 37ге жетти.

Кечээ "Хезболла" тобу Израилдин түндүгүнө 230тан ашуун ракета атып, натыйжада бир адам каза тапты, 20дайы жаракат алды. Бул аталган ракеталардын саны боюнча жаңжал башталган үч аптадан берки рекорддук көрсөткүч болду.

Мындан эки күн мурда Израилдин премьер- министр Эхуд Ольмерт, "Хезболланын" аскерий кубатты бир топ алысыраганын билдирген болчу.

Израил кечээ Ливандын түштүгүнө миңдеген аскерлерин киргизүү менен кургактагы операциясын кеңейткен. Кечээ аба соккулардан жөн-жай тургундардын кеминде он бири, үч жоокер мерт болгону кабарланды.

Премьер- министр Эхуд Ольмерттин билдиргенине караганда, Түштүк Ливандагы аскерий операция бул аймакка жарамдуу эл аралык контингент жайгаштырылганга чейин улантылат.

XS
SM
MD
LG