Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

БАРСКООНДО ҮРКҮНДӨ КЫРЫЛГАН КЫРГЫЗДАРГА КУРАН ТҮШҮРҮЛҮП, АЗА МИТИНГИ ӨТТҮ


Бүгүн Барскоондо 1916-жылдагы үркүндө Бедел жана Ак-Шыйрак ашуулары аркылуу Кытайга качууга мажбур болгон ата-бабалардын арбактарына багышталган куран түшүрүлүп, аза митинг өттү. Ага ашууларда шейит кеткендердин сөөктөрүн жерге жашырып келген экспедициялык топ, вице-премьер-министр Тынычбек Табалдиев, парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков, депутаттар Азимбек Бекназаров, Арслан Малиев, саясий партия, бейөкмөт уюмдардын, коомчулук өкүлдөрү, жалпысынан 1000ден ашуун адам катышты.

Митингде 1916-жылдагы үркүнгө байланыштуу окуя улуттук-боштондук көтөрүлүш деп таанылсын, падышалык Россиянын кыргыз элине карата жасаган геноцид саясаты үчүн президент Владимир Путин баштаган азыркы россиялык өкмөт кечирим сурасын, 3-август 16-жылкы окуяларда шейит кеткендерди эскерүү күнү деп аталсын деген сунуштар айтылды. Бул тууралуу Барскоондон “Азаттыктын” кабарчысы Рита Нурманбет кызы билдирди.

XS
SM
MD
LG