БИШКЕК. 10-августта Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолизза Райстын жардамчысы Ричард Баучер иш сапары менен келет. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. Ричард Баучер президент Курманбек Бакиев, атуулдук коомдун өкүлдөрү менен жолугушат. Баучердин президент менен жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу маселелери, “Ганси” авиабазасына байланыштуу маселелер талкууланмакчы. Министрликтен билдиришкендей, Баучердин Бишкекке болгон сапары учурунда, дипломаттардын чыгарылышына байланыштуу маселелер козголбойт.