Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

ЖЫЛМАЙУУНУН КАРТАСЫ: КИМ БАКТЫЛУУ?


Жылмайуу бул бардык тилде бир эле чыгат, бирок айырмасы айрымдар көбүрөөк жылмайышат. Дүйнө жүзү боюнча түзүлгөн бактылуулуктун картасы дал ушуну көрсөтүп турат.

Бишкек шаарынын тургуну Венера жакында эле жумушсуз калды. Анысы аз келгенсип ал жашаган көчөдө электр кубаты да өчүрүлүп, жашоосу май чырак менен өтүп атат. Венеранын жолдошу денсоолугунун начардыгына карабастан бир аз тыйын табуу максаты менен Орусияга кетти. Мына ушул оордуктарга карабастан Венера өзүн бактылуу деп санайт:

- Үйгө келип балаңдын күлкүсүн угуп баарын унутасың. Көчөдө баратып жылмайган элдерди көрүп баарын унутасың, - дейт Венера.

Венерага окшоп материалдык кыйынчылыктарга карабастан өзүн бактылуу сезгендер Кыргызстанда миңдеп саналат. Адистер атайын иликтөө жүргүзүп көрүшсө Кыргызстан эли өзүн бактылуу сезген мамлекеттердин катарына кирген. Бул Бакыттын картасын түзүш үчүн дүйнөнүн булуң- бурчундагы 80 миң адамдан сурамжылоо жүргүзүлгөн. Бул долбоорго катышкан психолог Адриан Уайт мындай дейт:

-Бул карта ар кайсы тармактагы 100гө чукул адистин катышуусу менен түзүлдү. Иликтөөнүн жүрүшүнүдө дүйнө жүзү боюнча 80 миң адам суроолорго жооп беришти. Иликтөөгө БУУдан, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан жана ар кайсы мамлекеттердеги адистер тартылды,- дейт Адриан Уайт.

Бул иликтөөдө үч негизги маселеге- элдин саламаттыгы, билим алуусу жана жашоо шартына көңүл бурулган. Бирок айрым байкоочулар бакыт деген түшүнүктү тигил же бул нерсе менен өлчөгөнгө болбойт деп ырасташууда. Мисалы, бул картада Дания дүйнө жүзү боюнча эли өзүн эң бактылуу сезген өлкө болуп чыкты.

Даниядагы “Данске Комюнер” деп аталган гезиттин редактору Том Экероз мындай дейт:

-Бизде быйыл эң бир кооз жай болуп атат, соңку 25 жылда мынчалык боло элек болчу. Мына ушул өңдүү жагдайлардын таасири менен биз бактылуу көрүнүп атышыбыз мүмкүн. Бирок Даниянын чоң- чоң шаарларында маанайы чөгүңкү, ачуулу адамдар көп кездешет,- дейт Том Экероз.

Эли өзүн бактылуу сезген Даниянын катарында Швеция менен Австрия дагы бар. Иликтөөгө алынган 179 мамлекеттин ичинен африкалык Бурунди өлкөсүндө жашагандар дүйнө жүзү боюнча эң бактысыз адамдар деп табылган. Постсоветтик мейкиндиктен Армения, Россия, Түркмөнстан жана Белоруссия эли бактысыз сезген мамлекеттер болуп чыкты. Бул аймакта Кыргызстан менен катар Өзбекстан жана Тажикистанда жашагандар бул жашоодо өзүн бактылуу деп сезишет экен.

Балтика өлкөлөрүнүн ичинен литвалыктар өзүн анча деле бактылуу сезбей жашагандардан. Иликтөөдө литвалыктар өзүнөн мурда латвиялыктарды бактысыздар деп аташкан. Литвада “адам кошунасынын уйу өлүп калганда өзүн бактылуу сезет” деген тамаша сөз бар экен. Бул тамаша сөз өзүнчө макалга, учкул сөзгө да айланып калган. Литвалыктар өзүн бактылуу сезишпеген менен бактылуулар тууралуу тамаша сөздөрдү чыгарып, таратып жашашат өңдүү.

Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG