Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

ШОКОЛАД МЫНДАН КИЙИН ЫСЫКТА ЭРИБЕЙТ


Бүт дүйнөдө шоколад дегенде чыт курсак баланын да, чоңдордун да шилекейи чуурат эмеспи. Бир гана жери шоколад ысыкта эрип, колго келбей калат. Мына эми Африкада окумуштуулар бул жабышчаак проблеманын амалын табышты!

Шоколадды эритпей сактоонун амалы табылды

Өткөндө айылга барып келген кесиптешибиз базарлык деп шоколад ала келиптир. Кымыз куюлуп, тандыр нан, чучуктан ооз тийгенден кийин, таттууга кол созсок, жолдо шоколад бүт эрип, кагазына жабышып калыптыр! Муздаткычка салып, ошондон кийин гана бирден чукуп ооз тийдик. Мындан бир апта өтпөй, шоколадды дүйнөгө таркаткан Африкада жергиликтүү окумуштуулар шоколадды эритпей сактоонун жолун табышты деген кубанычтуу кабар келди!

Шоколад Африкада өсүүчү какаодон жасалат. Мына эми Нигериядагы какаону изилдөө институтунун адистери ага жүгөрүнүн крахмалын кошуп, ысыкка чыдамдуу шоколадды жасап чыгарышыптыр. Эгер шоколаддын 10 пайызы крахмал болсо, ал 50 градуска чейинки ысыкка чыдайт экен. Ошентип, какаону өстүрүп, төгөрөктүн төрт бурчуна экспорттогон кара континентте шоколадды эритпей сактоонун да амалы табылды.

20-30 мин жыл мурун адам мээси кандай иштеген?

Адам баласынын мээсин аалымдар 100дөгөн жылдардан бери изилдеп келишет. Бирок биздин мээ бүгүнкү калыбына мындан 10 миңдеген жылдар мурда жетилгенин эске алганда, бул илимдин чети да оюла элек экендиги таң калыштуу эмес. Мына эми америкалык жана германиялык окумуштуулар мындан 30 миң жыл мурда жашап өткөн неандерталдын мээсин изилдеп жатышат. Неандертал эки аяктуу жумуру баш, бирок али адам баласынын деңгээлине өсүп жетиле элек жандык болгон. Ал негизинен Европа менен Батыш Азияда жашаган. Окумуштуулар 2 жыл бою неандерталдын мээсинин геномун, башкача айтканда миллиарддаган гендердеги маалыматтарды изилдешмекчи.

Неандерталдын геномун азыркы адамдын геномуна салыштыруу менен аалымдар адам баласынын мээси акыркы 20-30 миң жылда кандай өнүккөнүн түшүнүүгө үмүттөнүшүүдө.

Кемирчек кайда жоголду?

Көл кылаасында Кумтөр алтын кенине бараткан жолдо тынбай каттаган оор жүк машиналардан жаратылыш запкы тартып жатканы жашыруун эмес. Барскоон айлынын бир тургуну кемирчектин жок болуп кеткенин биздин радиого мындайча билдирген:

"Сары-күңгөй деген жер бар эле, булагы, сазы бар эле, ошол жерге кемирчек чыкчу. Азыр ал жерге кемирчек эмес, чөп чыкпай турат."

Жер шарындагы биологиялык ар түрдүүлүктүн азайып баратышы албетте Кыргызстанга гана мүнөздүү көрүнүш эмес. Дүйнөлүк Жаратылышты Сактоо Союзунун жаңы жарыяланган жылдык отчетунда айтылгандай, коркунучка кептелген түрлөрдүн Кызыл тизмеси улам өсүп баратат жана ага быйыл биринчи жолу түндүк уюл аюсу жана гиппопотам кирди. Быйылкы тизмеде бардыгы болуп 16 миң жандык бар дейт Дүйнөлүк Жаратылышты сактоо союзунун програмдык директору Жан Кристоф Ви.

Ошол эле убакта, Винин айтымында, жок болуу коркунучуна туш болгон түрлөрдүн саны мындан алда-канча көп. Изилденген жандыктардын 2 миллионго чукул түрү бар, жана жок болгондорунун саны азыркы 16 миңден 10-100 эсеге көбөйүшү күтүлөт.

Жаратылыштагы жандык, өсүмдүктөрдүн жок болушу табигый көрүнүш, бирок мисалы мындан 1 мин жыл мурдагыга караганда алар миң эсе тез жок болуп жатат.

Винин билдиришинче, эң башкы коркунуч бул жандыктар жашаган чөйрөнүн талкаланышынан келет. Ошол эле Барскоондо чоң жолдун чаңы менен жүк ташуучу машинанын булганч түтүнүнө өсүмдүктөрдүн туруштук бере албай жатканы буга жакшы мисал. Балыкты ашыкча уулаган сыяктуу ысырап мамиле, ар-кандай оорулар, климаттын өзгөрүшү да чоң "күнөөкөрлөрдүн" арасында. Арктикада муздун эриши мисалы быйылкы тизмедеги түндүк уюл аюсун жок болуп кетүү коркунучуна такоодо. Кызыл тизме биологиялык ар түрдүүлүк кризисин тизгиндөөгө өкмөттөрдүн көңүлүн бурдурат деп үмүттөнүшүүдө.
XS
SM
MD
LG