Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

ЖАЛАЛАБАТ: ӨЗБЕК КООМУНУН БАШЧЫСЫ МИТИНГГЕ КАТЫШКАНЫ ҮЧҮН КАМАЛДЫБЫ?


Базаркоргон районундагы өзбек улуттук маданий борборунун башчысы Маматкадыр Карабаев шарттуу түрдө жети жылга эркинен ажыратылды. Адам укугун коргоочулар анын соттолушун Карабаевдин саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатышат. Бирок, мындай пикир менен укук коргоо жана бийлик уюмдарынын өкүлдөрү макул эмес. Алардын ою боюнча облуста бардык улуттардын өсүп-өнүгүүсү үчүн бирдей шарттар түзүлгөн.

Базаркоргон райондук өзбек жамаатынын башчысы Маматкадыр Карабаев өзбек тилине расмий макамын берүү талабы менен Жалалабатта өткөн митингден кийин кармалган. Укук коргоо органдарынын айтымында ал убакка чейин Рабия Абдуллажанова аттуу аялдын арызы боюнча ага ээнбаштык жана зөөкүрлүк жасаган, ири өлчөмдөгү материалдык байлыктарды жок кылган деп алты беренеден турган кылмыш иши козголгон.

Райондун прокурору Расул Умаровдун айтымында Карабаев буга чейин аталган кылмыш иши боюнча сотко келген эмес. Ошондуктан издөөдө жүргөн 160 адамдын катарында анын иши кайра каралып, баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Ушундай негизге таянган прокурор Карабаевдин ишинде митингге байланыштуу жагдай жок деп айтты:

- 2004-жылдан бери бул адам качып жүрөт. Эки жолу камалып, эки жолу чыгыптыр бул киши.

Прокурордун мындай айыптоолору менен Маматкадыр Карабаев макул эмес. Ал өзүнө каршы жок жерден күнөө тагылган деп эсептейт:

- 24-май күнү облустук курултайдын чечими менен митингге адамдарды үгүттөп алып барганым үчүн соттоп атышат.

Бир тууган агасы Турсунмахамат Абдраимовдун айтымында Маматкадыр аялдан алган акчасынан толук кутулган:

- Бул акчанын баардыгын иним төлөдү, квитанциялары бар.

Маматкадырдын аялы прокуратура менен соттон бир да жолу чакыруу кагазы келбегенин билдирди.

Майлуусуу шаардык сотунун көчмө жыйыны Карабаевди айыптуу деп таап, шарттуу түрдө аны жети жылга абакка кести. Үч жылдык сыноо мөөнөтү менен ал сот залынан бошотулган. Базаркоргондогу адам укугун коргоочу Азимжан Аскаровдун аныктамасы боюнча:

- Карабаев митингге катышканы үчүн куугунтукка кабылып, саясий ишмердүүлүгү үчүн сот жообуна тартылып олтурат. Себеби, Маматкадыр Жалалабатта болгон митингге катышууга элди үндөп, алардын облус борборуна баруусун уюштурган, жогортодон көрсөтмө болгондуктан аны экинчи жолу баш көтөртпөө үчүн 2001-жылдагы ишти козгоп чыгышкан , - дейт адам укугун коргоочу.

Жалалабат шаарынын тургуну Абдымалик Шариповдун ою боюнча өзбек уул-кыздарын мамлекеттик кызматтарга тартуу маселеси улуттук борбор тарабынан мурдагы жана азыркы бийликке такай коюлуп келетат, бирок, ушу тапта деле аталган талаптар орундалган жери жок.

Улуттук азчылыктарга иш жүзүндө көңүл бурулбайт. Алардын өкүлдөрү бийлик, сот, прокуратура, ички иштер тармактарында жетиштүү санда эмес:

- Проблема дайым көтөрүлүп келген. Өзбек улуттук маданий борборундагы ар бир курултайда бул маселе кайра-кайра көтөрүлгөн.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн пикири боюнча облуста бардык улуттар тең укуктуу. Алар мыйзамдык укуктарынан толук пайдаланат. Шайлоо маалында же кадр саясатында өзгө улуттардын укугу эсте турат. Өзбек улутундагы адамдардын облустук администрация башчысынын орунбасары, Жалалабат шаар Кеңешинин жана соттун төрагасы, облустук бир нече мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн башчылары болуп иштөөсү ага далил - дейт губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов:

- Эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок.

Белгилеп коюучу жагдай, облуста 30дан ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Онго жакын улуттук маданий борборлор иштейт.


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат

XS
SM
MD
LG