Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ МАМИЛЕСИНИН КҮНГӨЙҮ ЖАНА ТЕСКЕЙИ


5-августа Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын ишин соңуна чыкты. Анын жыйынытыгында тараптар протоколго кол койду. Протоколдо эки тарап соода-экономикалык, билим берүү, саламаттык сактоо, энергетика, өнөр жай тармактары боюнча кызматташууларды өнүктүрүүнү караштырган. Бирок, "Аккеме" мейманканасынын, "Бетасторес" дүкөнүнүн талоонго түшүшү боюнча маселе эки мамлекеттин мамилесине көлөкө түшүргөн бойдон турат.

Эки күнгө созулган комиссия жыйынында түрк делегациясын Түркиянын мамлекеттик министри Бешир Аталай, Кыргыз тарабын Өнөр жай, соода жана туризм министри Медетбек Керимкулов жетектеди.

Эки мамлекеттин мамилесине кандайдыр бир деңгээлде терс таасирин тийгизип келген "Аккеме" мейманканасынын айланасындагы кырдаал, "Бета сторес" дүкөнүнүн өткөн жылы талоонго учурашы да комиссиянын жыйынында талкууланды. Түрк министри Бешир Аталайдын айтымына караганда, март ыңкылабы учурунда жабыркаган түрк ишкерлерине жардам көрсөтүү, "Аккеме" мейманканасынын чатагын туугандарча чечип алуу максатка ылайыктуу.

Кыргызстандын өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин статс катчысы Сабырбек Молдокуловдун маалымдоосуна караганда, эки тарап "Аккеме" мейманканасынын тагдырын эл аралык арбитраждык сотто чечүүнү оң табууда.
Ал эми жабыркаган түрк ишкерлерге жардам көрсөтүү маселеси тууралуу Молдокулов буларды белгиледи:

- Кол коюлган протоколго ылайык март окуясы учурунда жабыркаган кыргыз ишкерлерине кандай жардам көрсөтүү каралса, түрк ишкерлерине да ошондой жардам көрсөтүлөт. Түрк тарап ага макул болду.

Түрк министри Бешир Аталайдын сөзүнө караганда, өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында каралган маселелер президент Курманбек Бакиевдин сентябрь айына белгиленип жаткан Түркияга расмий сапары учурунда да талкууланат.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Мамбетжунус Абыловдун айтымына караганда, "Аккеме" мейманканасы, кыргыз карызына байланыштуу маселелерден улам кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясы үч жылдан бери чогулбай калган. Элчи катары комиссия ишин жандандырууга аракет жасаганын кошумчалаган Абылов, президент К.Бакиевдин Түркияга сапары учурунда беш документке кол коюу күтүлүп жатканын белгиледи.
Кыргызстандын Түркияга 75 миллион доллар карызы болсо реструктризацияланган. Аны Кыргызстан 30 жыл бою төлөмөкчү.

Кыргыз-түрк мамилесинде негизги багыт соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү. Өткөн жылы эки мамлекеттин соодасынын көлөмү 108 миллион доллар болсо, быйылкы жылы 150 миллион долларда ашаары болжолдонууда, дейт элчи Абылов.

Айданбек Акмат уулу

XS
SM
MD
LG