БИШКЕК. Бүгүн Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин окко учкан күнү. Анын каза болгондугунун 64 жылдыгына карата Орусиянын Воронеж шаарына жакын Селянная кыштагындагы Түлөбердиевдин эстелигининин жанында эртең Воронеждеги кыргыздар мал союп куран окутат. Ростовдогу кыргыз диоспорасынын жетекчиси Руслан Эшимов баштаган делегация Бишкектен Воронежге бүгүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу “Замандаш” ассоцациясынан “Азаттыкка” билдиришти.