Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

ДҮЙНӨ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ ЖАРЫМ МИЛЛИОНДОН АШУУН АЯЛ ТҮРМӨДӨ ОТУРАТ


Ушу тапта дүйнө өлкөлөрүнүн түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан аялдардын саны жарым миллиондон ашат. Лондондогу Падыша коллежинин Абактарды изилдөө борбору жекшемби күнү жарыялаган изилдөөгө караганда Кошмо Штаттары, Кытай, Россия жана Тайланддын, ошондой эле мурдакы советтик республикалардын түрмөлөрүндө жаза өткөн аялдар өзгөчө көп.

Изилдөө дүйнөнүн 187 өлкөсүндө биринчи жолу өткөрүлгөн. Анын авторлорунун бири, Лондондогу Падыша коллежинин Абак жайларды изилдөө борборунун адиси Антон Шелупанов абакта отурган аялдардын үчтөн экиси АКШ, Кытай, Россия жана Тайландга туура келет дейт:

-Жалпысын бул төрт өлкөдө абакта отургандардын саны өтө жогору деп ойлойм. Баарынан эли да көп, абактагылардын саны да көп Кытай өзгөчөлөнүп турат. Бул тизмеге Россия, АКШ жана Тайланд да кирет. Менин чамамда, бул төрт өлкөдө абакка кесилген адамдардын саны да өтө бийик.

АКШнын түрмөлөрүндө 183 миң аял, Кытайда 71 280, Россияда 55 400 жана Тайландда 28 450 аял бар. Башка бир да өлкөнүн түрмөсүндө 15 миңден ашуун аял жок. Эң начар абал Кытайдын өзгөчө башкаруусундагы Гонконгддо. Аймактын түрмөсүндө отургандардын ар бир бешинчиси аялдар.

Көпчүлүк өлкөлөрдө абактагы аялдардын саны 2 процентен 9 процентке чейин болот.
Антон Шелупанов экс-советтик өлкөлөрдүн ичинен, Беларус, Россия жана Украинада жаза жайында отурган аялдардын үлүшү орточо көрсөткүчтөн бийик экенин айтат:

- Россияда бул көрсөткүч 6,5 процентке, Украинада 6,1 процентке барабар. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен 7,5 процент менен Белорус өзгөчөлөнүп турат. Башка өлкөлөрдүн көрсөткүчү бир кыйла төмөн. Мисалы, Азербайжанда 1,4 процент. Негизинен, КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө абакта отурган аялдардын проценти жогору.

Эксперттердин айтымында, акыркы жылдары Россиянын жаза өтөө системасында жүрүп жаткан реформанын натыйжасында аялдарды абак жайлардан сыртта кармоо аракети жасалууда. Маселен, кылмыш жасаган кыз 14 жашка толо элек жана кылмышы олуттуу болбосо, өкүм кийинге калтырылат же экинчи жолу кылмыш жасаганча эркин коюлат. Бул ыкма, абактагы келин-кыздардын санын аз көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Лондондогу Падыша коллежинин Абактарды изилдөө борборунун директору Роб Аллен эненин мээриминен айрылган балдар үй-бүлөлүк камкордуктан айрылбаш керек деген пикирде:

–Энеси абакта отурган балдарга альтернативдүү камкордук көрүлүш керек. Айрым учурларда андай балдарды үй-бүлөлөр багууга алса, башка учурда аларга жашаган жеринде же жакындары тарабынан камкордук көрүлүш керек. Көпчүлүк өлкөлөрдө энесиз калган балдардын абалы жакшы эмес.

Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG