Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Түркмөнбашы министрлерине "Мерседес" убада кылды


Сапармурад Ниязов өлкө көз карандысыздыгынын быйыл октябрда белгиленүүчү он беш жылдык мааракесинде өкмөттөгү ар бир министрге бирден "Мерседес" белек кылууну убада кылды. Өкмөттүн Түркмөнбашы бул тууралуу жарыялаган жыйыны кечээ улуттук телеканалдан көргөзүлдү. Сапармурда Ниязов ошондой эле облус башчыларына айыл жеринде жүрүүгө ылайыктуу автоунаа белек кылынарын айтып, бирок пахта жыйноо боюнча милдеттемелер учурунда аткарылса, алар да "Мерседес" аларын белгиледи. Түркмөнстанда 20 министр жана 5 облус башчысы бар.

XS
SM
MD
LG