Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Иран өзөктүк багыттагы иштерин БУУнун көзөмөлү астында кеңейтет


Бул тууралуу Тегерандын өзөктүк маселелер боюнча сүйлөшүп жүргүзүп келе жаткан өкүлү Али Лариджани билдирди. Анын айтымында, Иран өзөктүк отун багытындагы иштерин качан кааласа, бирок БУУнун инспекциясы алдында гана кеңейтет. Лариджани ошондой эле БУУнун Ирандан быйыл 31-августка карата уран байытуу ишин токтотууну талап кылган резолюциясын четке какты. Тегеран резолюцияны мыйзамсыз деп эсептейт. Резолюцияга ылайык, кокус Иран уран байытуу ишин аталган мөөнөткө карата токтотпогон шартта, Коопсуздук кеңеши ага каршы санкция киргизүү маселесин талкуулаганга өтөт.

 

XS
SM
MD
LG