Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Израил-Ливан чатагы боюнча резолюция долбоорун макулдаша алган жок


Резолюция долбоорун АКШ – Франция сунуш кылган эле. Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө беш өлкөнүн документ долбоорун талкуулаган кечээги жыйыны 1,5 саатка созулду. Бирок тараптар резолюцияга Ливандан Израил аскерлерин тез чыгаруу талабын киргизүү-киргизбөөнү макулдаша алган жок. Мындай талапты расмий Бейрут көтөргөн эле. Андыктан БУУнун башкеңсесиндеги кабарчылардын билдиргенине караганда, документ бүгүн добушка коюлчудай эмес. Вашингтондон Ак үйдүн өкүлү учурда Техастагы ранчосунда эс алууда жүргөн жеринен президент Жорж Буш бүгүн резолюция долбоору боюнча билдирүү жасарын маалымдады. Ал эми бүгүн Бейруттун өзүнө Ливандын Израил менен жаңжалды токтотуу планын колдоо максатында Араб лигасына кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери чукул жыйынга чогулууда.

XS
SM
MD
LG