Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

Ошто атышуунун натыйжасында үч куралдуу адам окко учту


Ош шаарында 6-августта Улуттук коопсуздук кызматы өткөргүн атайын операциянын жүрүшүндө куралдуу үч адам жок кылынды. Бул тууралуу УККнын жооптуу кызматкери Нурбек Токбаев билдирди. Маалыматка караганда, «Дэу Нексия» автунаасы токтотууга берилген буйрукту аткаруудан баш тартып, андагы жарандар тартип коргоо органдарына каршы ок атышкан. Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин жооп кайтарган огунан автоунаадагы үч атуул өлтүрүлгөн. Автоунаадан бир автомат, беш граната, карта, диний китепчелер жана көп сандагы ок дары алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп, алардын тарапкерлери изделүүдө.

XS
SM
MD
LG