Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

ЛИВАНДЫН ЭКОЛОГИЯСЫ ЧОҢ КОРКУНУЧТА


Ливандын деңиз жээгинде бүгүн бир да туристтин караанын көрө албайсыз. Балыкчылар да көрүнбөйт. Бирок алар кезектеги бомбалоодон коркуп, үйлөрүндө отурган жок.

-Бул жерде эч ким эми сууга түшпөй турган болду. Деңиздеги балыктар да, башка жандыктар да кырылып калды.

Ливандын деңиз жээгинин 90 чакырымдай тилкесин каптаган мунайдын кесепетин жээкти кайтарган чек арачы ушинтип баяндады. Космостон тартылып алынган сүрөттөр мунай тагы Сириянын каршысындагы сууларга дейре жетип калгандыгын көрсөтүүдө. Ал эми эксперттер мунай Түркия, Кипр, ал тургай Грецияга чейин жетиши мүмкүн экендигин айтып жатышат.

15 тонна карамай Ливандын баш калаасы Бейруттан 30 чакырым түштүктө жайгашкан Жийе электр бекети 13-15-июль күндөрү бомбаланганда деңизге төгүлдү.

Бул өлкөнүн тарышындагы эң керепеттүү экологиялык көйгөй, башка эко-көйгөйлөрдөн айырмаланып, мунай төгүлгөнүнө мына үч аптанын жүзү болду, эмигиче тазалоо иши жолго коюла элек. Адатта мунайды дароо тазалап баштоо керек. Иштин создугушу өлкөдөгү коопсуздук кырдаалдан улам болуп жатат.

Ливандык бейөкмөт уюмдар тарабынан түзүлгөн атайын топтун координатору Ваел Хмайдандын айтымында, Ливан эл аралык коомчулуктан жардам сурап кайрылган. Азырга чейин Кувейттен жабдыктар келди. Бир катар европалык өлкөлөр, анын ичинде Франция, Италия, Испания да көмөк көрсөтүүгө убада беришти. Арийне, эл аралык жаратылышты коргоочу Гринпис Интернэшнлдин өкүлү Басма Бадрандын айтымында, согуштан улам тазалоо иштерин баштоо мүмкүн болбой жатат:

Дароо согушту токтотуп, блокаданы алып салуу керек. Ошондо чукул кырдаал кызматкерлери мунайдын төгүлүшүн дароо токтотуп, тазалоо иштерин баштай алат.

Бадрандын болжолунда, тазалоо иши 50 миллиондон 250 миллион долларга чейин каражатты талап кылышы мүмкүн. Бирок согуш токтомоюнча, Жер ортолук деңизинин чөйрөсү жапа тарта берет окшойт. Айрыкча, Ливандын жээгинде ушул тапта жөжөлөгөн деңиз таш бакаларына кыйын болду. Ансыз да ашкере уудан азайган балык кырылууда. Аба да булганууда, себеби деңизге төгүлгөндөн тышкары дагы миңдеген тонна карамай өрттөнүп да жатат.

Бул булгач аба Бейрутту көздөй кетип жатат, анткени шамал түндүктү көздөй согууда. Эртең менен жана түштөн кийин Бейрутту бозомтук, кара кочкул чаң каптап калат. Бул Жийе бекетинин аймагында күйүп жаткан мунайдан. Бул тургундардын саламаттыгына өлчөөсүз зыян тийгизип жатканы шексиз,- дейт бейөкмөт уюмдардын координатору Хмайдан.

Бир айга аяк басып калган жаңжалда мунай гана жаратылышка коркунуч келтир жаткан жок. Дүйнөлүк Сактоо Союзунун кабарлашынча, Ливандагы атактуу кедр багынын көбү өскөн ал-Шоуф атуу корголгон аймак бомбадан да, баш калканч издеп келген качкындардан да коркунучка туш келүүдө. Абадан сокку урууга дуушар болгон жерлердин арасында Ливандын түштүгүндөгү Тир шаарынын жанындагы чымчыктар коргону да бар.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG