Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

8-АВГУСТ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Пишпек уездинин начальниги Ф. Г. Рымцевичтин рапортуна ылайык, 1916-жылдын бу күнү Атаке болуштугунун кыймылына Сарыбагыш волостунун жаштары кошулган. 1916-жылдын бу күнү Боом капчыгайында кыргыздар орус аскерлерине кол салышып, мылтык жана даары-дарметтерди тартып алышкан.

Пишпек уездинин начальниги Ф. Г. Рымцевичтин рапортуна ылайык 1916-жылдын бу күнү Атаке болуштугунда башталган кыймылга Сарыбагыш волостунун жаштары кошулган. Анын айтымында, Кемин суусунун бир тарабына атакеликтер, экинчи жагына сарыбагыштыктар топтолушуп, көпүрөгө эки болуштуктун аксакалдары, молдолору чогулушкан. Эки жактын кадырлуу өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, кырдаал туурасында маалымат беришкен. Атаке болуштугунан сөз сүйлөгөн Белек Солтоноев «орустарды талап, аларды Ташкенге чейин кууш керек же жерибизде жексен болушубуз керек» - деп жар салган.

1916-жылдын бу күнү Боом капчыгайында кыргыздар орус аскерлерине кол салышып, мылтык жана дары-дарметтерди тартып алышкан. Курал-жарак ташыган унааны кайтарган эки солдат шейит учуп, экөө качып, бири жаракат алгандыгы маалым болду. Пишпек уездинин начальниги Ф. Г. Рымцевичтин рапортуна ылайык кыргыздардын колуна 200, кээ бирлеринин айтымында 500 чамалуу мылтык, 550 патрон түшкөн.

Пржевальск уездиндеги кыргыздардын боштондук кыймылы 1916-жылдын 8-августунда Ысык көлдүн түндүк-батышында башталды. Бу күнү кыргыздар орустардын көлөмдүү кыштагы Сазановкага кол салышып, жергиликтүү дыйкандарды кырып башташкан.

Пишпек уезддик начальнигинин Жетисуу областтык башкармасына жолдогон рапортунда, 1916-жылдын 8-августунда кыргыздардын «ээнбаштыгы» Самсонов станциясы, Рыбачье, Новороссийск, Быстрорецк, Белый пикет, Орловка, Покровка, Токмок, Юрьевка, Ивановка жана Новоалександровка кыштактарын кучагына алгандыгы кабарланат.

1969-жылдын бу күнү Кыргызстандын Азия жана Африка өлкөлөрү менен тилектештик комитети калкка кыймылдын максат жана милдеттерин түшүндүрүү ишин башташкан. Советтик Азия жана Африка өлкөлөрү менен тилектештик комитет төрагасынын орун басары Чынгыз Айтматов менен комитеттин жооптуу катчысы Александр Дзасоховдор бу күнү кеңири билдирүү жасашкан.

Бу күнү, 1570-жылы Франциядагы үчүнчү диний согуш Сен-Жермен келишимине ылайык басылып, 1815-жылы Наполеон Ыйык Елена аралына сүргүнгө айдалып, 1899-жылы А. Маршалл Минесоттада муздаткычты патенттеп, 1941-жылы И. Сталин совет армиясына башкы командачылыкка дайындалып, 1694-жылы англис философу Френсис Хатчесон, 1861-жылы генетика илиминин негиздөөчүсү, англис биологу Уильям Бэтсон, 1901-жылы америкалык физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Эрнест Лоуренс, 1902-жылы англис физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Поль Дирак, 1935-жылы акын Сарман Асанбеков, 1947-жылы акын Алматай Чойбекова жарык дүйнөгө келсе, 1942-жылы теңдешсиз куудул Шаршен Термечиков дүйнөдөн кайткан.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG