Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

ЗАЧЕТКАСЫ ГАНА ОКУГАН СТУДЕНТТЕР АКЫРЫ ОКУУДАН АЙДАЛАТ


Соңку окуу жылында студенттердин 15 пайыздан ашыгы окуудан чыгарылган. Чыгарылган студенттердин дээрлик көпчүлүгү - Орусия, Казакстанда соода кылып жүрүшүп, сабакка жылы бою катышпай коюшкандар. Өздөрү сабакка келбей, баа китепчелери гана курстан-курска көчүп жүргөндөр башка студенттердин да кыжырын келтирип, аларды жолдон чыгарууга түрткү болору шексиз.

Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору Ибрагим Жунусовдун айтуусу боюнча, сабакка катышпаган студенттерди окуудан чыгаруу иш-чарасы аталган жогорку окуу жайында да катуу жолго коюлган:

-Мен өзүм ушул кызматка келгенден кийин бүт факультеттердин студенттери менен жолугушуп чыктым. Алар бир катар студенттер сабакка таптакыр келбестигин, бирок тизмеси курстан-курска өтүп келаткандыгын айтышты. Кыжырдануулары күч экен. Анан ушул маселени окумуштуулар кеңешине алып чыгып, 60 саат сабак калтырган студентти дароо окуудан четтетүүнү чечтик. 60 саат сабак – болгону 10 күндүк гана окуу. Натыйжада бир жыл ичинде 1200дөн ашык студент университет менен кош айтышты.

Ош мамлекеттик университетинде окутуучуларга да ошондой катуу талап коюлуп жатыптыр. Бир жуп сабакты себепсиз өтпөй койгондор контракттык негизде алчу айлыгынын 20 пайызын кем алат. Эки жуп сабакты калтырса 40 пайыз айлыгынан ажырайт. Ал эми себепсиз үч жуп сабакты өтпөгөндөр кызматынан четтетилет.

Жалпысынан, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында соңку окуу жылы ичинде 15 пайыздан ашык студент окуудан чыгарылыптыр. Студенттердин окууга кайдыгер мамилесинин себебин Билим берүү министринин орунбасары Каныбек Осмоналиев эбегейсиз көп сандагы окуу жайлардын ачылып кетишинен көрөт. Маселен, өткөн окуу жылында 60ка жакын жогорку окуу жайында (филиал, инситуттарын кошкондо 138 мекеме) 232 миң студент окуйт деп эсептелип жүрүптүр. Анын ичинен 95 миң студент – сырттан окугандар.

-Биз жаңы жылдан башталган комплекстүү текшерүү учурларында таңгалыштуу нерселерге күбө болдук. Көрсө, көптөгөн студенттер Казакстан, Орусияда соода-сатык кылып, келишпей, мугалимдер менен ичкертен сүйлөшүп коюшкандыктан, баа китепчелери гана курстан-курска өтүп келе бериптир. Мына биз какшаган коррупциянын гүлдөп өсүшү!,- деди министр орунбасары.

Каныбек Осмоналиевдин пикири боюнча, студенттердин билимге дилгирлигин күчөтүүнүн бирден-бир жолу – Кыргыз өкмөтү аларга шарт түзүп бериш керек, билим берүүчү материалдык-техникалык базаны чыңдаш керек. Маселен, бюджеттик бөлүмдө окуган ар бир студент үчүн өкмөт 5400 гана сом бөлөт. Аны 15 миң сомго чейин көтөрүү сунушу берилүүдө. Ошондой эле контракттык бөлүмдө окуган студенттен ченемсиз эле көп акы алган университеттер бар. Ошолорду иретке келтирүү керек. Акча төлөгөн студентти да окуу жай жатакана менен камсыз кылбаса болбойт.

Профессор Каныбек Осмоналиев Кыргызстандын жогорку окуу жайларында октябрь айынан баштап студенттерди дагы катуу электен өткөрүү жараяны жүрөрүн эскертип өттү. Албетте, бул – татыктуу кадрларды гана даярдоо аракети.

Кожогелди Култегин, Бишкек
XS
SM
MD
LG