Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

ЫСЫККӨЛДӨГҮ КАН ЖОЛДО АВТОКЫРСЫК КӨБӨЙДҮ


Аманбек Жапаров,Бишкек Расмий маалыматтарга караганда Ысыккөл облусунун аймагында эс алуу сезону башталгандан бери жол кырсыгы көбөйгөн. Анын негизги себептеринин бири автожолдордун талапка жооп бербегендиги, айдоочулардын жол эрежелерин одоно бузгандыгына байланыштуу болууда.

МАИ кызматкерлеринин маалыматына караганда, учурда Ысыккөлгө каттаган эс алуучулардын көпчүлүгү чет элдик үлгүдөгү, тез жүрүүчү автоунааларын зымырылтып айдап, жол эрежесин сактабай, кырсыкка кабылгандардын саны көбөйүүдө. Жакында көлгө барып келген Асан Асанов аттуу айдоочу жигит бир күндө беш жол кырсыгына күбө болгондугун айтты.

-Мен барганда жолдо беш кырсык болду. Жолдун абалы начар. Анан жол белгилери да жокко эсе. Өзгөчө Боом капчыгайындагы жол тар.

Асандын айтымында, айрыкча жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобустар жолдо жүрүү эрежесин бузуп, кооптуу жагдайларды түзүүдө. МАИнин көзөмөл пунктары жок болгондуктан жеңил автоунаалардын айдоочулары ылдамдыкты күчөтүп «кутургандай» айдашат.

Ал эми облустук укук коргоо боюнча бөлүмдүн башчысы Аскар Сыдыков болсо жети айдын ичинде 176 жол кырсыгы катталып, 54 адам набыт болгондугун билдирди. Жол кырсыкка кабылгандардын 51 пайызы чет өлкөдөн келген жарандар экен. Сыдыков белгилегендей көл жээгиндеги авто жол азыркы талапка жооп бербейт.

-Эң негизги себеби жылдагыга караганда көлгө келген эс алуучулардын келими өтө көп. Экинчиден биздин аймактагы автожолдор көп автоунааларга эсептелген эмес. Азыркы талапка жооп бербейт.

Аскар Сыдыков билдиргендей, эс алуу мезгили башталган эки айдын ичинде эле 74 жол кырсыгы катталып, андан 16 киши каза болуп, 122 адам жаракат алган. Жол кырсыгынын көбөйүшүнө ички иштер министринин буйругуна ылайык көл боюндагы МАИнин постторунун алынышы, облустук мамлекеттик автоинспекция кызматкерлеринин штатынын кыскартылышы, облМАИнин уюштуруу иштеринин начардыгы да себеп болду, дейт Сыдыков.

-Облустук МАИнин жетекчилиги өзүлөрүнүн бөлүмдөрүндө уюштуруучулук иштерин жөндөй албай, көп жетишпегендиктер болуп атат. Бул маселени 11-августта облустук коллегияда карайбыз.

Аскар Сыдыков ошондой эле облустук МАИ кызматына талапка жооп бергендей техникалык жабдыктар, автоунаалар жетишпей жаткандыгын билдирди.

Республикалык автоинспекциянын жетекчисинин орун басары Калысбек Жалилов Ысыккөл облустук МАИ кызматкерлери мыйзамдын чегинде жол коопсуздугун камсыз кылып жатканын белгиледи. Анын пикиринде, көлгө каттаган автоунаалардын техникалык сапаттары начар, эскирген. Ал эми автокырсыктарга кабылган айдоочулардын көпчүлүгү ичимдик ичип, автоунанын ылдамдыгын күчөтүп жолдо жүрүү эрежесин одоно бузгандар.

XS
SM
MD
LG