Эгер дипломатиялык аракеттер ийгилик бербесе, Ливанда алдыдагы бир нече күндүн аралыгында "Хезболлага" каршы жердеги операция кеңейтилерин кечээ Израилдин коргоо министри Амир Перец билдирди. Министрдин айтымында, Израилдин күчтөрү "Хезболланын" ракета атууларын токтотуу үчүн Ливандын кайсыл жеринде болбосун аскерий жактан зарыл аракетти жүргүзөт.
Ал эми Бейруттун түштүк чет жакасында, Израилдин өткөн түнкү аба соккуларынан, кабарларга караганда, кеминде 20 адам каза тапкан. Ливан бийлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн түштүгүндө кечээги бомба чабуулдарынан 42 адам өмүрүнөн айрылды. Израил болсо "Хезболла" менен кечээги уруштарда үч жоокерин жоготкон.