Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

КЫРГЫЗСТАН КАЛКЫНЫН КУРУЛТАЙЫ, ЦЕМЕНТ АРЗАНДАЙТ, АКШ АКЧА БЕРЕТ, СУУ АСТЫНДАГЫ БАЙЫРКЫ ШААР


Өкмөттүк гезиттер Кыргызстан калкынын ассамблеясынын 5-курултайы, анда сүйлөгөн президент Курманбек Бакиевдин сөзүн беришти.

“Көбүргөн сөздөр эмес, көйгөйлөр айтылды” деп тема коет “Кыргыз туусу” гезити курултайга арналган макаласына.

Президент курултайга келээрдин алдында Япония өкмөтүнүн жардамы иретинде келген техникаларды транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабыл алганын маалымдады. Аталган техникалар кар көчкү, сел жана жер көчкү болгон жерде күрткүнү тазалаганга ылайыкташкан. Курултайда сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев учурда инвесторлор менен чыныгы өнөктөш мамилелер түзүлгөнүн, Орусия менен Казакстандан туристтердин Ысыккөлгө көп келгенин, экономикада жылыштар байкалганын айткан.

Залкар жазуучу, Кыргыз эл баатыры Чыңгыз Айтматов курултайга катышып, бул иш- чара сексенден ашуун улуттардын ынтымагын бекемдеп, кызматташуунун алкагын кеңейтет деп айтуу менен “Айтматов фондусу” Ысыккөлдө эл аралык маданий борборду түптөп, келечекте ассамблеянын курултайы ошол жерде өткөрүлсө деген тилегин айтты” деп жазат “Кыргыз туусу” гезитинин кабарчысы Нарынкүл Назаралиева.

Экономика илимдеринин кандидаты, өлкөгө эмгек сиңирген экономист Осмон Кутманов “Экономиканы көтөрүүнүн жолу барбы?” деп суроо коюп, жооп издейт. “Кыргыз элин жакырчылыктан алып чыгуу менен чектелбестен, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуунун бирден-бир жолу-базар экономикасынын шартында акыркы 15 жыл аралыгында алдыга өсүп чыккан ишкерлердин алдыңкы тажрыйбасын жана айыл чарбасындагы жетишилген ийгиликтерди жайылтып, мамлекеттик программа түзсөк гана экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт” дейт Осмон Кутманов “Кыргыз туусу” гезити аркылуу.

“Цемент арзандайт” деп кабарлайт “Эркинтоо” гезити. Кыргызстан элдеринин V курултайында өлкөнүн премьер-министри Ф.Кулов көптөн бери калайык калк чыдамсыздык менен күткөн жаңылыкты айтты. Ал – цемент баасынын төмөндөтүлүшү. Ф.Куловдун айтуусунда, Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү цемент өндүрүүчүлөр үчүн катуу эрежелерди киргизген. Көрүлгөн иш-чаралар жакшы натыйжа алып келген. Бишкекте жана Чүй облусунда бир тонна цементтин баасы 600 сомго чейин арзандаган. Бул курулуш материалдарынын арзандашы башка аймактарда да байкалды.

Премьер-министрдин пикири боюнча өлкөдө цемент баасы базарлардагы алып сатарлардын эсебинен кымбаттаган. Курулуш материалдарын сатып алуучу иш билгичтер Кыргызстанда атайылап цементтин тартыштыгын жасалма жол менен түзүшкөн.

“Эркинтоо” гезити “АКШдан арбын акча келет” деп билдирет. “АКШ 2007-жылы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанга жана Украинага гана жардам берет. Бул жөнүндө Жорж Буш тарабынан конгресстин кароосуна жөнөтүлгөн, федералдык бюджеттин долбоорунан үзүндү жарыялаган Американын мамдепартаменти билдирди. 2007-жылы Кыргызстанга АКШ тарабынан 32 миллион доллар бөлүнөт, ал 2006-жылга салыштырмалуу 7,3 миллионго көптүк кылат. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң ири сумма же 85 миллион доллар Украинага инвестиция катары берилет. АКШ «Мурдагы СССРдин күнкорсуз өлкөлөрүнө» жылына жалпысынан 400 миллион доллар сарптайт.

Өлкөнүн экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров «НIРСке кирүү маселесин кылдат карап чыгуу кажет» деп “Эркинтоого” бул программанын оң жана терс жактары тууралуу кеңири айтып берген.
“НIРСке кайрылуу маселеси актуалдуу болгондугуна байланыштуу республиканын жалпы кредиттик портфелинин көп кырдуу карызынын салыштырма салмагы 70%ды түзөт. Эки тараптуу кредиторлордон айырмасы эларалык уюмдар кредиттерди берүүнүн баштапкы шарттарын карашпайт. Бул ушул уюмдардын жогорку жеңилдиктеги шарттардагы кредиттерди бергендиги менен түшүндүрүлөт. Мисал үчүн Эларалык өнүгүү Ассоциациясы (Дүйнөлүк Банк тобу) 40 жылдык мөөнөттөгү кредиттерди берет, 10 жылдык жеңилдиктеги аралыкты кошуу менен (пайызды гана төлөө аралыгындагы мезгил) жылдык 0,75%дык ставка боюнча кредиттерди беришет. Азия өнүктүрүү банкынын шарты дагы жогорку жеңилдикте болуп саналат: тындыруу мөөнөтү 24-40 жыл, жеңилдиктеги мезгили – 8-10 жыл, пайыздык ставкасы – 1 % -1,5 % .

НIРС көп тараптуу кредиторлор алдындагы карызды кыскартуу гана мүмкүндүгүн бербестен, аяктоо мезгилинде ЭВФ жана Дүйнөлүк банк алкагында МDRI демилге алдында карызды эсептен чыгарууну автоматтык түрдө алышат.

Ушуга байланыштуу азыркы учурда НIРС демилгесине Кыргыз Республикасынын кошулуу маселесин кылдат иштеп чыгуу жана талдоо стадиясында турат,”- дейт Акылбек Жапаров.

“Жаңы кылым” гезити Кыргыз-Орус славян университети менен Орусиянын суу алдындагы иш жүргүзгөндөрдүн эл аралык уюмунун экспедициялык тобу Ысыккөлдүн Жаркынбаев айылындагы көл жээгинин тереңинен суу астындагы байыркы шаардын калдыктарын табышканын маалымдайт. Алар суу астынан канжар, орок жана балта сыяктуу куралдарды таап чыгышкан. Экспедициянын жетекчиси академик Владимир Плоскихтин айтымында табылган калдыктарга болжол менен 2500-3000 жыл болгон, сак маданиятынын мезгилине туура келет.

Ушул “Жаңы кылым” гезити аркылуу журналист Папан Дүйшөнбаев “Украинадагы окуялар бизге эмнеси менен кай жагынан сабак болот?” деп суроо коюп, жооп издеп, Украинадагы кырдаалды талдоого алат. Анын айтымында парламенттик же аралаш формадагы башкаруу Кыргызстанга ылайык эмес, партиялык тизме менен шайлоого 70тей партия жана эл даяр эмес. Кыргызстанга учурда президенттик башкаруу гана ылайыктуу” деген пикирин билдирет Папан Дүйшөнбаев.

“Жаңы кылымдын” кабарчысы Гүлсүн Аманалиева мурдакы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин ишмердүүлүгүн, көз караштарын сынга алган. Аны АКШнын заказдарын, оппозициянын талаптарын аткарууда деп айыптайт.

“МСН” гезити Ошто “Өзбекстан ислам кыймылы” террористтик уюмунун айрым өкүлдөрү жок кылынганын маалымдады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG